RV тибиндеги жылдыздар

Википедия дан

RV тибиндеги жылдыздар – пульсациялоочу өзгөрүп турма жылдыздардын катарына кирген, мезгили болжол менен 30–150 күнгө созулган, амплитудасынын өзгөрүшү 0,8–3,5 жылдыз чоңдугуна чейин өзгөргөн жылдыздар. RV Т. ж-дын дээрлик көпчүлүгү F, G жана K спектрдик классына кирет.

Бул типтеги жылдыздардын катарына RV Букачар, АС Геркулес, R Щит ж. б. жылдыздар кирип, жашоо эволюция боюнча кечки спектрдик класстан орун алат. Бул жылдыздардын айлануу мезгили анчалык узак эмес. Алсак АС Геркулестин айлануу мезгили р=75,4619, Щиттики р=144 күндү гана түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]