Raspberry Pi

Википедия дан
Raspberry Pi 3 B+

Raspberry Pi ([ 'rɑːzbərɪ paɪ], Разбери пай) - бир платалуу банк картасынчалык компүтер. Башында информатиканы окутуунун арзан системи катары иштелип чыкса да, кийин авторлору күтүлбөгөн колдонууларга жана популярдуулукка ээ болгон. Raspberry Pi Foundation иштеп чыгат. Беш жылдын гана ичинде 12,5 миллиондон ашык Raspberry Pi түзмөгү сатылган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы май айында Девид Бребен көлөмү USB-флеш-жыйноочу менен бирдей Raspberry Pi'дын биринчи концептин көрсөткөн.

2011-жылы июль айынын аягында платонун альфа-версиясы бүткөрүлүп, өндүрүшкө жөнөтүлгөн. 12-августта Raspberry Pi Foundation түзмөктүн биринчи партиясын алган. Компүтердин альфа-версиясында кээ бир сыналуучу функциялар жана кымбат бөлүктөр болгон. Булар акыркы версияда алынып салынган. Ошондой эле, платонун акыркы версиясы 20%га кичине жана алты эмес, төрт катмардан турат.

2012-жылдын 10-январында компания "B" моделиндеги 10 миң платолук биринчи партиянын өндүрүлө баштаганын жарыя кылган.

2012-жылы 29-февралда платолордун "B" модели сатыла баштаган.

2012-жылы 16-июлда долбоордун иштеп чыгуучулары Raspberry Pi "B" түзмөгүнө тапшырык чеги жоюлганын кабарлашкан.

2012-жылы 14-декабрда Raspberry Pi "A"-нын өндүрүшү башталган.

2014-жылы 14-июлда долбоордун иштеп чыгуучулары үчүнчү Raspberry Pi "B+" версияны чыгарышкан.

2015-жылы 2-февралда долбоордун иштеп чыгуучулары төртүнчү Raspberry Pi "2B" версияны чыгарышкан.

2015-жылы долбоордун иштеп чыгуучулары жаңы Raspberry Pi Zero микрокомпүтерин чыгарышкан. Негизги айырмачылык - беш долларлык баа жана ажыратылган GPIO туташтыргыч.

2016-жылдын 29-февралында Raspberry Pi 3 чыккан. Негизги айырмачылыктар: 64-биттик процессор, WiFi жана Bluetooth болушу.

2017-жылы 28-февралда Raspberry Pi Zero W чыккан. Башкы айырмачылыктар: WiFi жана Bluetooth болушу.

Көрүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компүтер банк картасынчалык көлөмдө, төрт катмарлуу басма платодо толук чогултулган боюнча сатылат. (Zero жана Zero W моделдери бөтөнчө). Стандарттык тапшырууга плато гана кирет. Корпус, азык блогу жана флеш-картаны өзүнчө буйрутма кылуу керек.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]