Rotten Tomatoes

Википедия дан

Rotten Tomatoes - тасма жана теле-көрсөтүүлөрдү баалоо жана сын-пикир жазуу боюнча веб-сайт. Сень Дуонг негиздеген компания 1998-жылдын августунда иштеп баштаган, 2010-жылы компанияны Flixster сатып алган, акырында компанияны 2011-жылы Warner Bros.]] сатып алган. 2016-жылдын февралында Rotten Tomatoes менен Flixster Fandango (Comcast) компаниясына сатылган. Warner Bros. компаниясы Fandango компаниясы менен бирге биригишкен компанияда өзнүн кичинекей пайыздагы үлүшүн сактап калган. 2007-2017-жылдар арасы веб-сайттын башкы редактору Мэтт Атчити болгон, ал акырында, 2017-жылдын июлунда The Young Turks ток-шоуга иштеп кеткен. "Rotten Tomatoes" (кырг. "чириген томаттар") аталышы сахнада аткарган актерлордун оюну менен нааразы болгон күйөрмандардын актерлорго чириген томаттарды ыргытуу салтынан чыгып келген.

2008-жылдын башынан 2010-жылдын сентябрына чейин Current Television телевизиондук желеси ар апта сайын веб-сайттын маалыматтарына таянып The Rotten Tomatoes шоусун тартуулачу. 2011-жылга чейин теле-көрсөтүүнүн кыска сегменти жумалык InfoMania телевизиондук программасына киргизилген. 2013-жылдын сентябрында веб-сайт телевизиондук программалардын сценарийлерин көрүү үчүн атайын "TV Zone" бөлүгүн тартуулаган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]