Мазмунга өтүү

Scrum

Википедия дан

Scrum – бул адамдарга, командаларга жана уюмдарга татаал көйгөйлөр үчүн ыңгайлаштырылган чечимдер аркылуу баалуулуктарды түзүүгө жардам берген жеңил фреймворк. Кыскача айтканда, Scrum чөйрөнү өнүктүрүү үчүн Scrum Master’ден төмөнкү пункттарды талап кылат:   1. Product Owner татаал маселе боюнча жумушту Product Backlog’го иреттейт. 2. Scrum Team Sprint учурунда тандалган жумушту баалуулугу бар Increment’ке айлантат. 3. Scrum Team жана стейкхолдерлер натыйжаларды текшеришет жана кийинки Sprint’ке өзгөрүүлөрдү ылайыктандырышат. 4. Жогорудагы пункттар  кайра кайталанат. Scrum жөнөкөй. Аны кандай болсо, ошондой кылып ишке ашырып көрүңүз жана анын философиясы, теориясы жана түзүмү максаттарга жетүү жана баалуулуктарды түзүүгө жардам берерин аныктаңыз. Scrum фреймворку атайын толук эмес, Scrum теориясын ишке ашыруу үчүн керектүү бөлүктөр гана аныкталган. Scrum аны колдонгон адамдардын жамааттык тажрыйбасынын негизинде курулган. Scrum эрежелери адамдарга деталдаштырылган инструкция берүүнүн ордуна, алардын мамилелерин жана өз ара аракеттерин көздөйт. Фреймворкто ар кандай процесстер, техникалар жана ыкмалар колдонулушу мүмкүн. Scrum азыркы учурдагы ыкмаларды камтыйт же алардын керексиздигин көрсөтөт. Scrum азыркы учурдагы башкаруунун, айлана‐чөйрөнүн жана иш‐техникаларынын салыштырмалуу эффективдүүлүгүн көрсөтөт, ошону менен жакшыртууларга мүмкүнчүлүк түзөт.

Scrum’дын негизинде эмпиризм жана Lean thinking ой жүгүртүүсү турат. Эмпиризм, билим тажрыйбадан алынаарын жана чечим кабыл алуу байкоонун негизинде турарын ырастайт. Lean thinking ысырапкорчулукту азайтат жана маанилүү нерселерге көңүл бурат. Scrum божомолдоону оптималдаштыруу жана тобокелдикти көзөмөлдөө үчүн итеративдик, инкременталдык ыкмаларын колдонот. Scrum ишти аткаруу үчүн бардык көндүмдөргө жана тажрыйбага ээ болгон адамдар топторун чогултат жана керек болгон учурда алар менен бөлүшүүгө даяр болушат. Scrum камтыган окуялар ичинде инспекция жана ыңгайлаштыруу үчүн төрт формалдуу Scrum окуяларды бириктирет, бул Sprint. Бул окуялар эмпирикалык Scrum’дын ачык‐айкындуулук, инспекция жана ыңгайлаштыруу түркүктөрү ишке ашырылгандыгы үчүн иштейт.

Ачык‐айкындуулук

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаңы пайда болгон процесстер жана иштер, аткаруучу тарапка да, кабыл алуучу тарапка да көрүнүп турушу керек. Scrum’да маанилүү чечимдер анын үч формалдуу артефактысынын абалынын негизинде кабыл алынат. Ачык‐айкындуулугу төмөн болгон артефактылар, балуулукту азайткан жана тобокелдикти жогорулаткан чечимдерге алып келиши мүмкүн.  Ачык‐айкындуулук инспекция өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ачык‐айкындуулуксуз инспекция – бул адашуу жана ысырапкорчулук.

Потенциалдуу жагымсыз четтөөлөрдү же көйгөйлөрдү аныктоо үчүн, Scrum артефактылары жана макулдашылган максаттарга карай жылышы тез‐тез жана кылдаттык менен инспекциядан өтүп турушу керек. Инспекцияга көмөк көрсөтүү үчүн, Scrum беш окуядан турган каденция менен камсыз кылат. Инспекция ыңгайлаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Инспекция ынгайлаштыруусуз маанисиз болуп эсептелинет. Scrum’дын окуялары өзгөртүүгө түрткү берүү үчүн иштелип чыккан.

Ыңгайлаштыруу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгерде процесстин кандайдыр бир аспектилери алгылыктуу чектерден четтеп кетсе же анын натыйжасында продукт кабыл алынууга мүмкүн болбосо, колдонулуп жаткан процессти же өндүрүлүп жаткан материалдарды ыңгайлаштыруу керек. Андан ары четтөөлөрдү азайтуу үчүн ыңгайлаштыруу мүмкүн болушунча тезирээк жүргүзүлүшү керек. Катышкан адамдар ыйгарым укуктарга ээ болбосо же өзүн өзү башкара албаса, ыңгайлаштыруу кыйындайт. Scrum Team инспекция аркылуу жаңы нерсени үйрөнөөрү менен аны ыңгайлаштырышы керек.

Scrum баалуулуктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Scrum'ды ийгиликтүү ишке ашыруу, адамдардын беш баалуулукту колдонуусунан көз каранды: милдеттенме, багытталгандык, ачыктык, урматтоо жана кайраттуулук Scrum Team өз максаттарына жетүү жана бири‐бирин колдоого милдеттенет. Алардын негизги багыты, максаттарга карай жылышты мүмкүн кылуу үчүн, Sprint ишине арналган. Scrum Team жана анын стейкхолдерлери, ишке жана чакырыктарга ачык. Scrum Team’дин мүчөлөрү жөндөмдүү, көз карандысыз адамдар болуу үчүн бири‐бирин сыйлашат жана алар менен иштешкен адамдар да аларды ошондой урматташат. Scrum Team’дин мүчөлөрү туура нерсени жасоого, оор маселелердин үстүндө иштөөгө кайраттуу болушат.Бул баалуулуктар Scrum Team’дин ишине, аракеттерине жана жүрүм‐турумуна карата багыт берет. Кабыл алынган чечимдер, жасалган кадамдар жана Scrum колдонуу жолу, бул баалуулуктарды төмөндөтпөй жана бузбай, тескерисинче бекемдөөгө тийиш. Scrum Team’дин мүчөлөрү Scrum окуялары жана артефакттары менен иштөө аркылуу баалуулуктарды үйрөнүшөт жана изилдешет. Scrum Team жана алар менен иштеген адамдар бул баалуулуктар жайгаштырылганда, эмпирикалык Scrum түркүктөрү ‐ ачык‐айкындуулук, инспекция жана ыңгайлаштыруу ишке ашырылып ишенимди жаратат.