The Critics' Choice Movie Awards

Википедия дан

The Critics' Choice Movie Awards (кырг. "Киносынчылардын тандоосу" сыйлыгы; башында Broadcast Film Critics Association Award катары таанымал болгон) – жыл сайын Broadcast Film Critics Association (BFCA) тарабынан эң мыкты кинематографиялык жетишкендиктерди белгилеш үчүн уюштурулган сыйлык тапшыруу аземи. Бир апта ичинде талапкерлердин кандидатурасын көрсөтүү жазуу бюллетеньдери тапшырылат, жыйынтыктоочу талапкерлерлердин тизмеси декабрда жарыяланат. Кийинки добуш берүүнүн жеңүүчүлөрү январда, жыл сайынкы Critics' Choice Movie Awards аземинде белгилүү болот. Кошумчалуу жана атайын сыйлыктар BFCA ассоциацианын байкоочу кеңешинин кароосу боюнча чечилет.

Эң башында сыйлыктар Critics' Choice Awards деп аталчу. 2010-жылы сыйлыкты Critics' Choice Television Awards сыйлыгынан айымалаш үчүн аталышына Movie (кырг. Тасма) сөзү кошулган, ошону менен эң алгачкы сыйлыктар жакында эле түзүлгөн Broadcast Television Critics Association тарабынан сыйланган. Учурда Critics' Choice Awards аталышы эки сыйлыкка бирдей тиешелүү.

2006-2009-жылдар арасы сыйлык тапшыруу аземи Санта-Моникадагы ири конференц-залында өткөн. 2010-2012-жылдар арасы жаңыланган Голливуд Палладиум тарыхый залында өткөн. Аземдин жандуу телевизиондук берүүсү VH1 каналынан The CW каналына 2013-жылы өткөн, ал эми сыйлыктын 2014-жылдын 16-январында башталган 19чу аземи Санта-Моникада (Калифорния) Barker Hangar театрында берилген. 2014-жылдын октябрында Critics' Choice Movie Awards 2015 жана 2016-жылдары A&E каналындан бериле тургандыгы жарыяланган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]