Toваp биржасы

Википедия дан

Toваp биржасы - бекитилген тартипте, белгиленген жерде, белгилүү бир убакытта өткөрүлө турган, дүң соода менен иштей турган уюм катары түзүлгөн, борборлоштурулган соода рыногу.

Toваp биржасы алгач 19-кылымда пайда болгон, азыркы учурда адистештирилген биржа катары кеңири таркаган. Toваp биржасы үч түрдөн турат, к. Биржа. Toваp биржасында негизинен стандартка ылайык товар сатылат, айрым учурда товар өзү эмес, товарга түзүлгөн контрактык келишим сатыкка коюлат. Ири товардык биржалар Нью-Йоркто (дан биржасы) жана Лондондо (металл биржасы) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4