Walt Disney Animation Studios

Википедия дан

Walt Disney Animation Studios (англ. Walt Disney Animation Studios) штаб-квартирасы Калифорниянын Бербанк шаарчасында жайгашкан америкалык анимациялык ишкана, ал анимациялык көркөм фильмдерди, кыска фильмдерди жана теле үчүн атайын эффекттерди Уолт Дисней Компаниясы (англ. The Walt Disney Company) үчүн чыгарышат. 1923-жылы 16-октябрда негизделип, Уолт Дисней студиясынын бөлүгү болуп саналат. Студия "Аккар кыз жана жети гномдон" (англ. Snow White and the Seven Dwarfs) (1937) "Моанага" (англ.Moana) чейин (2016) 56 көркөм фильмди чыгарган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал бир тууган Диснейлердин мультфильм студиясы болуп (англ. Disney Brothers Cartoon Studio) 1923-жылы ачылып, 1929-жылы Уолт Дисней өндүрүшү (англ. Walt Disney Productions) болуп кайра киргизилген. Студия жалаң гана кыска метраждуу фильмдерди чыгарууга арналган болучу, бирок 1934-жылдан баштап ири көркөм тасмаларга да көңүл бура баштады. 1983-жылы Walt Disney Productions өзүнүн жандуу сүрөт тарткан студиясын Walt Disney Pictures деп атаган. 1986-жылы корпоративдик кайра түзүү учурунда Walt Disney Productions мындан ары The Walt Disney Company деп аталып калды, ал эми анимация бөлүмү Уолт Дисней көркөм анимациясы (англ. Walt Disney Feature Animation) деген жаңы ат алып, Уолт Дисней студиясынын (The Walt Disney Studios) туунду компаниясы болду. 2006-жылы Walt Disney Feature Animation азыркы атын алды, ал эми Уолт Диснейдин анимация студиясы Pixar Animation студиясынан кийин Дисней тарабынан ошол эле жылы алынды.

Walt Disney Animation Studios салттуу анимация менен да, компүтердик графиканы да колдонуу менен фильмдерди чыгарып келет (CGI). Азыркы кезде Эндрю Милстейн студиянын күнүмдүк иш мамилелери үчүн башкы менеджер болуп, Pixar ды да караган Эдвин Катмулла жана Жон Лассетердин көзөмөлү астында кызмат кылат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]