Википедия:Тандалган окуялар/5-март

Википедия дан

Окуялар

1046 – Насир Хосров Жакынкы Чыгышка жети жылдык сапарын баштайт, кийин ал тууралуу Сапарнама китебинде баяндап берет.

1616 – Николай Коперниктин Асман орбитасынын айлануусу аттуу китебине Католик чиркөөсү тарабынан тыюу салынды.

1931 – Британиянын королунун Индиядагы орун басары, генерал–губернатор Эдвард Фредерик Линдли Вуд жана Мохандас Ганди (Махатма Ганди) саясий себептер менен камалган кишилерди чыгаруу жана калктын эң жакырлары тузду эркин колдонуусу тууралуу макулдашууга кол коюшту.

1933 – Адолф Гитлердин нацисттик партиясы Рейхстаг шайлоодо 43.9 % добуш алды. Бул кийин нацисттерге мыйзам чыгарууга жана диктатура орнотууга мүмкүнчүлүк берди.

1946 – Уинстон Черчилл Миссуридеги Вестминстер Колледжиндеги сөзүндө “Темир көшөгө” сүйлөмдү колдонду.

1970 –өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу Өзөктүк Макулдашуу 43 улут койгон соң күчүнө кирди.

Төрөлгөндөр

1871 – Роза Люксембург, социалисттик революционер (1919–ж. к.ж.).

1929 - Качкынбай Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1996-ж. к.ж.).

1969 – МС Солаар, француз рэпер.

1970 – Джон Фрускианте, америкалык музыкант (Red Hot Chili Peppers).

1974 – Ева Мендес, америкалык актриса.

Көз жумгандар


1827 – Пьер–Симон Лаплас, француз математик (1749–ж. т.).

1895 – Николай Лесков, орус жазуучу (1831–ж. т.).

1953 – Сергей Прокофьев, орус композитор, (1891–ж. т.).

1953 – Иосиф Сталин, Советтер Союзунун жетекчиси (1878–ж. т.).

1966 – Анна Ахматова, орус акын (1889–ж. т.).

2011 - Эркин Рысбаев, кыргыз кинорежиссер (1955-ж. т.).

Майрамдар

Ак калпак күнү (Кыргызстан)

Дарак отургузуу Улуттук күнү (Иран).