Википедия:2012-жылдын февралы: соңку жыйынтыктар

Википедия дан

Урматтуу Уикипедиячылыр!

“Февралдын мыкты макаласы” жарышуусунун соңку жыйынтыктарын чыгарууга маалы келип жетти.

1-этапта февралда жазылган бардык макалалардан маалымдуулугуна жана көркөмдүүлүгүнө басым кылынып 61 макала иргелген.

2-этапта Уикипедия колдонуучулардын добушуна ээ болгон макалалар тандалды. Тилеке каршы, кээ бир колдонуучулар 1) өз атынын ордуна башка ат, 2) бир нече башка кишилердин атын жазып, 3) макаланын сапаты үчүн эмес авторго тааныштыгына жараша добуш берген учурлар кездешти.

3-этапта “мыкты макала” наамын тастыктоо иретинде эки администраторго добуш берүү сунушталды. Администратор Maksat 2 макалага добуш берди.


Ошентип, Февралдын мыкты макаласы наамы Shchb-нын “Еврокөрүнүү ыр сынагы 2012” жана BakytTalas-тын “Чагылган” макалаларына ыйгарылып белектер тапшырылды.

Ал эми эң көп упай алган авторлор (алфавиттик иретте аталууда):
- Aizuknu
- Asel90
- Symbat92
- Орозобек Түгөлбаев
Сорос - Кыргызстан фондунун Маалымат программасынын белектерине ээ болушат.

2- жана 3-этаптарынын жыйынтыктарынын негизинде мындан соң мыкты макала тандоо шарттары өзгөртүлөт.