Еврокөрүнүү ыр сынагы 2012
Бул макала Кыргыз Уикипедиясынын жакшы макалалар тизмесине кирет. |
Еврокөрүнүү ыр сынагы 2012 "Өз отуңду алоолондур!"/"Light your fire!" | |
Жалпы маалымат | |
Жарымфиналдарга бөлүштүрүү: | 25-январь 2012-жыл |
1-жарымфинал: | 22-май 2012-жыл |
2-жарымфинал: | 24-май 2012-жыл |
Финал: | 26-май 2012-жыл |
Алып баруучулар: | |
Мүдүр: | Йон Ола Санд |
Кожоюн-телеканал: | ITV |
Өткөрүлүүчү жай: | Азербайжан, Бакы, Бакы кристал залы |
Жеңүүчү ыр: | Euphoria |
Добуш берүү ыкмасы: | телекөрүүчүлөр/калыстар: 50/50 |
Өлкөлөрдүн саны: | 42 |
Кайткан өлкөлөр: | Черногория |
Катышуудан баш тарткан өлкөлөр: | Армения |
Еврокөрсөтүү ыр сынагы 2012 | |
◄ 2011 2013 ► | |
WWW.EUROVISION.TV |
«Еврокөрүнүү ыр сынагы 2012» (азербайжанча: 2012 Avroviziya Mahnı Müsabiqəsi, англисче: Eurovision Song Contest 2012, французча: Concours Eurovision de la chanson 2012) - «Еврокөрүнүүнүн» 57-сынагы болмокчу, ал Дүсселдорфто өткөн «Еврокөрүнүү 2011» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 2012-жылдын 22-майынан 26-майына чейин Азербайжанда өтөт. Азербайжанга жеңишти «Running Scared» деген ыры менен Ell/Nikki дуэти алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 221 упай менен 1-орунду ээлешкен.
Эки жарымфиналдардын өткөрүлүүсү 22-май жана 24-майга туш келди, ал эми финалдык шоу 26-майга белгиленди.
Өлкөлөрдү жарым финалдарга бөлүштүрүү чучукулагы 25-январда Бакы шаарында өттү. Катышууга 42 мамлекет макулдугун тактады.
2010-жылдан бери каржы маселесине байланыштуу бул сынакка катышпаган Черногория эми бул эл аралык иш-чарага кайтып келди. Польшанын жергиликтүү телекомпаниясы болсо башка теледолбоорлорго көбүрөөк кызыкчылыктары бар экендигин айтып, бул сынакка ктышуудан баш тартты.
Быйыл 25-январь күнү, ачык кызыл оймолор жана от гүлүнө окшогон логотип - сынактын белгиси катары бекитилди. Быйылкы сынактын урааны – «Light your fire» (сөзмө-сөз айтканда "Өз отуңду жандыр").
Уюштурулуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өткөрүлүүчү жай
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бакыдагы Мамлекеттик Туу аянтында "Еврокөрүнүү 2012" ыр сынагына карата 20 000 адам бата турган атайы комплекс курулат деп 2011-жылы 16-майда жарыяланган. 2011-жылдын 8-сентябрында курулуп жаткан арена Бакы Кристал Залы «Baku Crystal Hall» деп аталаары айтылган. Аренаны куруу иши менен «Alpine Bau Deutschland AG» немис компаниясы алектенди.
Мамлекеттик Туу аянтындагы арена 2012-жылдын апрель айында аягына чыгып, ал 35 000 чейин көрүүчүнү камтышы керек. Аянтчанын курулушуна Азербайжан өкмөтүнөн 50 000 000 манат (48 миллион евро) бөлүндү.
Бакыда өтө турган Еврокөрүнүү 2012 сынагына байланыштуу, бул саамалыктын босогосунда Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев башка өлкөлөрдүн жарандарына визаларды каттоону жана аккредитацияларды жеңилдетүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Мурдараак, уюштуруучулар жаңыланган Тофик Бахрамов атындагы стадионду жана Гейдар Алиев атындагы Спорт – Жарманке Комплексин "Еврокөрүнүү 2012" сынагы үчүн сунуш кылышкан.
Сынактын эрежелериндеги өзгөрүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2012-жылдан баштап добуш берүү терезеси кайрадан акыркы ырдан кийин болоорун «Европа телеберүү бирикмеси» (EBU) чечти, анткени телекөрүүчүлөр көбүнчөсү финалдык чыгармадан кийин добуш берээри аныкталды, анан дагы добуш берүү ыкмаларын тааныштыруу үчүн атайы терезече ыр аткарылып жатканда экрандын төртүнчү бөлүгүн ээлеп, көрүүчүнү чыгармадан алаксытат экен.
Сынактын форматы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Еврокөрүнүү 2012" ыр сынагы болжол менен эки жарымфиналдан жана финалдан туруат. Биринчи жарымфиналда 18 мамлекет, ал эми экинчи жарымфиналда дагы 18 өлкө таймашат.
Финалда 26 өлкө катышат:
- «Чоң Бешилик»: Германия, Испания, Италия, Улуу Британия жана Франция.
- Былтыркы жылдын жеңүүчү өлкөсү (Азербайжан)
- Эки жарымфиналда биринчи он орунду ээлегендер - жогоруда саналгандардан башка 20 финалчы өлкө.
Сынактын бардык катышуучу өлкөлөрү жарымфиналдарда катышуусу зарыл (Азербайжан жана «Чоң Бешиликтен» тышкары), мында ар бир жарымфиналдан 10 катышуучу финалга чыгуу үчүн тандалып алынат.
Концепция жана көрүнүк шөкөт
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кожоюн телеканал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Каржы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сынактын оозунда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Иран менен кырдаал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Катышуучулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Катышуу үчүн маалым каттар 2011 2-сентябрдан баштап, 2012-январдын ортосуна чейин кабыл алынды. Жыйынтыктоочу катышуучулардын тизмеси 17-январда жарыкка чыкты. 43 өлкөнүн катышууга макулдугу аныкталды. Бирок 7-март күнү Армения сынактан баш тарткандыгын ырасмый маалымдаган соң, сынакка 42 өлкө катышмай болду.
Кайтып келген өлкөлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Катышуудан баш тарткан өлкөлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Болбой калган кайтып келүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Катыша албай калгандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кайтып келген аткаруучулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Толук ыйгарымдуу аткаруучу катары чыккандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аткаруучу | Мамлекет | Мурдагы катышкан жылы | Орун |
---|---|---|---|
Željko Joksimović | Сербия жана Черногория | 2004 | 2 |
Jónsi | Исландия | 2004 | 19 |
Jedward | Ирландия | 2011 | 8 |
Бэк - вокалчы катары чыккандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аткаруучу | Мамлекет | Мурдагы катышкан жылы | Башкы аткаруучу | Орун |
---|---|---|---|---|
MayaSar | Босния жана Герцеговина | 2004 | Дин (2004) | 9 |
Anri Jokhadze | Грузия | 2008 | Диана Гурцкая (2008) | 11 |
MayaSar | Босния жана Герцеговина | 2011 | Дино Мерлин (2011) | 6 |
Квалификациядан өтпөй калган катышуучулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аткаруучу | Мамлекет | Катышууга болжолдолунган жылы |
---|---|---|
Kaliopi | Македония | 1996 |
Өткөрүлүүсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чучукулак кармоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чучукулак быйыл 25-январда Бакы шаарында өттү. Ошол эле убакта Еврокөрүнүү ыр сынагынын ачкычын тапшыруу аземи да болду. Бул аземде Еврокөрүнүү 2011 сынагынын кожоюну болгон Дүсселдорф шаарынын мэри Дирк Элберс сынактын символдук ачкычын Бакынын мэри Гажыбала Абдуталыбовго берди.
Ушул кезден баштап Бакы сынактын ырасмый кожоюн – шаары болду. Саамалыктын эң бир башкы кездери деп, сынактын көрүнүк шөкөтүнүн жана ырасмый өткөрүлүүчү аренаны айткан убактарды эсептесек болот, ошондой эле сынактын логотиби жана урааны көрсөтүлгөн.
1 себет | 2 себет | 3 себет | 4 себет | 5 себет | 6 себет |
---|---|---|---|---|---|
-
Алим Касымов «Сары Келин» деген ырды аткарууда
-
Азербайжандын мамлекеттик элдик бий ансамбли
-
Элдар Касымов жана Нигар Жамал
|
Биринчи жарымфинал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Еврокөрүнүү 2012 ыр сынагынын биринчи жарымфиналы 2012-жылдын 22-майында болуп өттү. Сынактын уюштуруучусу Зитс Беккердин айтымында, мааракени биринчи жолу рекорддуу саны менен көрүүчү көрдү.
Тирананын түштүк тарабында жүргүнчүлөр менен автобус кырсыкка кабылгандыктан, Албанияда сынак түз алып көрсөтүлгөн эмес. Бирок, өлкө калыстар добушунда катышшкан. Сынактын жетекчиси Йон Ола Санддын сөздөрү боюнча, биринчи жарымфиналдын Албанияда көрсөтпөө туралуу чечим өлкөнүн катышуучусунун чыгуусуна залакасын тийгизбейт, сынактын экинчи жарымфиналын жана финалды Албания адаттагыдай эле жандуу алып көрсөтмөкчү. Мамлекеттин өкүлү Рона Нишлиу өзүнүн финалга чыгуусун кырсыктан жабыркагандарга арноорун билдирди.
Бардык катышуучулардын чыгуусунан кийин жана финалга өткөндөрдү атоодон мурда Азербайжан Республикасынын эмгек сиңирген артисти Натик Ширинов өзүнүн "Ритм" ансамли менен нагарада ойноо менен чыгышкан. Ошондой эле сахнада элдик кийимдер менен элдик бий жана элдик музыка аткаруучулары чыгышкан.
- Жарымфиналдын төмөнкү катышуучу – өлкөлөрү, жана Азербайжан, Италия, Испания добуш беришет.
- Финалга чыккан өлкөлөр, кызгылт сары түс менен бөлүнгөн.
Биринчи жарымфиналдагы телекөрүүчүлөр менен калыстардын ажыратылган добуш берүүсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орун | Телекөрүүчүлөр | Упай | Калыстар | Упай |
---|---|---|---|---|
01 | Орусия | 189 | Албания | 131 |
02 | Румыния | 132 | Молдова | 107 |
03 | Албания | 131 | Греция | 103 |
04 | Ирландия | 116 | Кипр | 90 |
05 | Греция | 110 | Румыния | 87 |
06 | Кипр | 99 | Дания | 81 |
07 | Молдова | 85 | Мажарстан | 76 |
08 | Исландия | 79 | Орусия | 75 |
09 | Дания | 53 | Израиль | 72 |
10 | Швейцария | 49 | Ирландия | 72 |
11 | Мажарстан | 39 | Исландия | 70 |
12 | Финляндия | 36 | Финляндия | 57 |
13 | Сан Марино | 25 | Швейцария | 45 |
14 | Черногория | 24 | Сан Марино | 42 |
15 | Латвия | 18 | Бельгия | 38 |
16 | Израиль | 16 | Черногория | 28 |
17 | Австрия | 15 | Австрия | 27 |
18 | Бельгия | 1 | Латвия | 17 |
Биринчи жарымфиналдагы добуш берүүнүн жыйынтыктары менен жадыбал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Экинчи жарымфинал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жарымфиналдын төмөнкү катышуучу – өлкөлөрү, жана Германия, Улуу Британия, Франция добуш беришет.
- Финалга чыккан өлкөлөр, кызгылт сары түс менен бөлүнгөн.
Экинчи жарымфиналдагы телекөрүүчүлөр менен калыстардын ажыратылган добуш берүүсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орун | Телекөрүүчүлөр | Упай | Калыстар | Упай |
---|---|---|---|---|
01 | Швеция | 180 | Швеция | 145 |
02 | Сербия | 148 | Сербия | 141 |
03 | Литва | 128 | Украина | 109 |
04 | Түркия | 114 | Эстония | 102 |
05 | Эстония | 88 | Мальта | 97 |
06 | Норвегия | 72 | Босния жана Герцеговина | 77 |
07 | Босния жана Герцеговина | 70 | Хорватия | 66 |
08 | Македония | 63 | Грузия | 62 |
09 | Болгария | 59 | Македония | 58 |
10 | Нидерланддар | 51 | Литва | 55 |
11 | Мальта | 39 | Беларусь | 52 |
12 | Беларусь | 37 | Португалия | 49 |
13 | Португалия | 37 | Түркия | 42 |
14 | Хорватия | 34 | Словения | 40 |
15 | Словакия | 32 | Словакия | 40 |
16 | Словения | 27 | Нидерланддар | 31 |
17 | Украина | 24 | Болгария | 27 |
18 | Грузия | 15 | Норвегия | 25 |
Экинчи жарымфиналдагы добуш берүүнүн жыйынтыктары менен жадыбал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Финал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Финалдагы телекөрүүчүлөр менен калыстардын ажыратылган добуш берүүсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орун | Телекөрүүчүлөр | Упай | Калыстар | Упай |
---|---|---|---|---|
01 | Швеция | 342 | Швеция | 296 |
02 | Орусия | 332 | Сербия | 173 |
03 | Сербия | 211 | Италия | 157 |
04 | Түркия | 176 | Албания | 157 |
05 | Азербайжан | 152 | Испания | 154 |
06 | Германия | 125 | Эстония | 152 |
07 | Румыния | 117 | Украина | 125 |
08 | Албания | 106 | Азербайжан | 118 |
09 | Греция | 89 | Молдова | 104 |
10 | Ирландия | 89 | Германия | 98 |
11 | Македония | 79 | Орусия | 94 |
12 | Эстония | 78 | Кипр | 85 |
13 | Молдова | 75 | Франция | 85 |
14 | Литва | 68 | Литва | 82 |
15 | Кипр | 63 | Босния жана Герцеговина | 71 |
16 | Босния жана Герцеговина | 57 | Мальта | 70 |
17 | Италия | 56 | Македония | 69 |
18 | Испания | 45 | Греция | 60 |
19 | Исландия | 39 | Исландия | 53 |
20 | Украина | 37 | Румыния | 53 |
21 | Улуу Британия | 36 | Дания | 51 |
22 | Мажарстан | 20 | Түркия | 50 |
23 | Дания | 18 | Мажарстан | 30 |
24 | Норвегия | 16 | Норвегия | 24 |
25 | Мальта | 10 | Ирландия | 14 |
26 | Франция | 0 | Улуу Британия | 11 |
Финалдагы добуш берүүнүн жыйынтыктары менен жадыбал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Финалдагы 12 упай
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Швеция рекорддуу 12 упай деген бааларды чогултуп алды — 18. Мурда рекорд Норвегияныкы болчу (16).
Саны | Алган өлкө | Добуш берген өлкө |
---|---|---|
18 | Швеция | Австрия, Бельгия, Германия, Дания, Израиль, Ирландия, Исландия, Испания, Латвия, Мажарстан, Нидерланддар, Норвегия, Орусия, Словакия, Улуу Британия, Финляндия, Франция, Эстония |
4 | Азербайжан | Литва, Мальта, Түркия, Украина |
Албания | Италия, Македония, Сан Марино, Швейцария | |
Сербия | Болгария, Словения, Хорватия, Черногория | |
2 | Греция | Албания, Кипр |
Кипр | Греция, Швеция | |
Македония | Босния жана Герцеговина, Сербия | |
1 | Испания | Португалия |
Литва | Грузия | |
Молдова | Румыния | |
Орусия | Беларусь | |
Румыния | Молдова | |
Түркия | Азербайжан |
Сыйлыктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Марсел Безансондун сыйлыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]OGAEнин сыйлыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барбара Декстин сыйлыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жандуу алып көрсөтүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түз ободо алып көрсөтүүчү өлкөлөр, телеканалдар жана баяндамачылар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Добуштарды жарыялагандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Галерея
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Еврокөрүнүү 2012 ырасмый сайты
- Еврокөрүнүүнүн ырасмый сайты
- Facebookтагы баракчасы
- ESCKaz сайтындагы Еврокөрүнүү 2012 жаңылыктары
|