Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969
Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969 | |
---|---|
![]() | |
Дата | 29-март, 1969-жыл |
Алып баруучулар | Laurita Valenzuela |
Мүдүр | Ramón Díez |
Кожоюн телеканал | ![]() |
Өткөрүлүүчү жай | ![]() |
Жеңүүчү ыр | ![]()
|
Добуш берүү ыкмасы | Ар өлкөдөн 10 калыс, алардын ар бири жаккан ырына бир добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу |
Өлкөлөрдүн саны | 16 |
Алгачкы катышуу | болгон эмес |
Баш тартуу | ![]() |
Нөл упай | болгон эмес |
Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969 | |
◄ 1968 ![]() |
«Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969» (испанча: Festival de la Canción de Eurovisión 1969, англисче: Eurovision Song Contest 1969, французча: Concours Eurovision de la chanson 1969) - «Еврокөрүнүүнүн» 14-сынагы болгон, ал Лондондо өткөн «Еврокөрүнүү 1968» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 1969-жылдын 29-мартта Мадридде (Испания) өткөн. Испанияга жеңишти «La, la, la» деген ыры менен Massiel деген ырчы алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 29 упай менен 1-орунду ээлеген.
- Мадрид шаарында өткөн сынактын элестери
Падышалык Опера Театры - ушул жерден ыр сынак орун алган (Мадрид)
Сынактын тарыхында биринчи жолу бир заматта 4 ыр жеңүүчү аталган, алар төмөнкүлөр: Франциянын ыры, Frida Boccara аткарган "Un jour, un enfant"; Испаниянын ыры, Salomé аткарган "Vivo cantando"; Нидерланддардын ыры, Lenny Kuhr аткарган "De troubadour" жана Улуу Британиянын ыры, Lulu аткарган "Boom Bang-a-Bang". Бул сынак дагы башка маанилүү окуялар менен коштолгон: белгилүү сүрөтчү Сальвадор Дали сынактын жарнактык сүрөтүн тарткан жана Монакону 12 жашар бала көрсөтүп 6-орунду мекенине алып келген.
Франконун аскердик диктатурасы башкарган мамлекетте өткөн сынакта катышпайбыз деп, Австрия катышуудан баш тарткан. Сынактын алгачкы катышуучуларынын катарында Лихтенштейндин да болушу ыктымал болчу, улуттук тандап алуу сынагын өткөрүп аткаруучусу менен ырын камдап олтурушкан, бирок Лихтенштейндин өзүнүн телекөрүнүүсү жоктугунан сынактан четтетилген.
Жыйынтыктар[оңдоо | булагын оңдоо]
# | Өлкө | Аткаруучу | Ыр | Тил | Упай | Орун |
---|---|---|---|---|---|---|
01 | ![]() |
Ivan жана 4M | «Pozdrav svijetu» | Хорватча | 05 | 13 |
02 | ![]() |
Romuald | «Catherine» | Французча | 07 | 11 |
03 | ![]() |
Salomé | «Vivo cantando» | Испанча | 18 | 01 |
04 | ![]() |
Jean Jacques | «Maman, Maman» | Французча | 11 | 06 |
05 | ![]() |
Muriel Day | «The Wages of Love» | Англисче | 10 | 07 |
06 | ![]() |
Iva Zanicchi | «Due grosse lacrime bianche» | Италянча | 05 | 13 |
07 | ![]() |
Lulu | «Boom Bang-a-Bang» | Англисче | 18 | 01 |
08 | ![]() |
Lenny Kuhr | «De troubadour» | Нидерландча | 18 | 01 |
09 | ![]() |
Tommy Körberg | «Judy, min vän» | Шведче | 08 | 09 |
10 | ![]() |
Louis Neefs | «Jennifer Jennings» | Нидерландча | 10 | 07 |
11 | ![]() |
Paola Del Medico | «Bonjour, Bonjour» | Немисче | 13 | 05 |
12 | ![]() |
Kirsti Sparboe | «Oj, oj, oj, så glad jeg skal bli» | Норскчо | 01 | 16 |
13 | ![]() |
Siw Malmkvist | «Primaballerina» | Немисче | 08 | 09 |
14 | ![]() |
Frida Boccara | «Un jour, un enfant» | Французча | 18 | 01 |
15 | ![]() |
Simone de Oliveira | «Desfolhada portuguesa» | Португалча | 04 | 15 |
16 | ![]() |
Jarkko жана Laura | «Kuin silloin ennen» | Суомиче | 06 | 12 |
Сынактын жеңүүчүлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]
- Еврокөрүнүү 1969 ыр сынагынын төрт жеңүүчүсү
Испания ырчысы Salomé
Нидерланддар ырчысы Lenny Kuhr
Улуу Британия ырчысы Lulu
Франция ырчысы Frida Boccarra
|
Кайтып келген аткаруучулар[оңдоо | булагын оңдоо]
Аткаруучу | Мамлекет | Мурдагы катышкан жылы | Орун |
---|---|---|---|
Louis Neefs | ![]() |
1967 | 07 |
Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
|