Удмурт тили

Википедия дан

Удмурт тили (удмуртча:Удмурт кыл) - удмурттардын тили. Орусиянын Удмурт Республикасында жана Башкыртстан, Татарстан, Марий Эл республикаларынын айрым жерлеринде таралган. Финн-угор тилдеринин перм тобуна кирет. Удмурт тилинде 546 000 киши сүйлөйт (1979). Эки тил түркүмү бар: түндүк, түштүк. Лексикасында түрк тилдеринен кирген сөздөр арбын. Жазмасы 18-кылымдын экинчи жарымында кирил арибинин негизинде түзүлгөн.