World of Tanks (оюн)

Википедия дан
World of Tanks‎»‎ барагынан багытталды)

World of Tanks (кырг. Танктар дүйнөсү; кыск. WoT) —

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1998-жылы Беларусь улуттук университетинин Виктор Кислый аттуу студенти жана анын санаалаштары «Wargaming.net» аталышындагы студия түзүп, компьютердик оюндарды түзүү менен алектенип башташат. Алгач интернет айдыңына программаларды чыгарып, виртуалдык оюндарды да чыгарууга каражат топтошот. Баштапкы чыгарган «Massive Assault» жана «Багратион» оюндары көпчүлүккө жагып, оозго алынган. 2008-жылдын акыркы күндөрүндө аларга танктар менен согушуу оюнун түзүү идеясы келип, «World of tanks» оюнунун үстүнөн иштеп башташат да, жыйынтыгында аталган оюн 2010-жылы расмий түрдө ачыкка чыккан.

Популярдуулук жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аталган оюн чыга элек кезде эле интернетте буга окшогон оюндардын саны миңдеп саналчу. Жаратуучулар ушул жөнүндө көп ойлонуп, жыйынтыгында баары бир «танктар дүйнөсүн» чыгарууга бел байлашат. Интернетке алгач Орусияда чыгып, 2011-жылдын январына карата ойноочулардын саны миллионго жетет. Ошол жылы Кытай, АКШ, Улуу Британия өлкөлөрүнө жайылып, дүйнө жүзүн толугу менен арбап баштайт. Жаратуучулар муну менен токтоп калбай, жылдан жылга түшкөн каражаттын көбүн кайра эле оюнду жакшыртууга жумшап турушкан (мисалы, 2013-жылы киреше 200 миллион еврону түзгөн). Жыйынтыгында 2015-жылдын аягына карата сандар: 100 миллиондон ашык оюнчу катталып, бир убакытта 1 миллиондон ашуун киши онлайн ойногон. Ооба, бул олуттуу сандар.

Өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«World of tanks» танктары атайын тартылып, оюнга кирүү үчүн бери дегенде 20дан ашык текшерүүдөн өтөт. Бардык тетиктери туура жана чыныгы турмуштагыдай орнотулушу керек. Жыл сайын жаратуучулар оюнга кызыктыруу үчүн жаңы танктарды, техникалык унааларды киргизип турушат. Геймерлердин (видео оюндарды ойноочу адамдар) айтымында, бул оюндун негизги үч өзгөчөлүгүн белгилесе болот. Биринчиден, «өлтүрүү», «кан төгүү» деген процесс жок. Танктардын моторунун үнү, жардыруулар, атүгүл согуш талаалары 90 пайыз чындыкка жакын. Үчүнчүсү, оюнчулар сатып алган өзгөчө коддор акысыз катталган оюнчулар арасында көп деле артыкчылык бербейт. Башкысы, согуш жүргүзүү тактикасы жана айлакердик.

Дүйнөлүк чемпиондук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Виктор Кислый «World of tanks» сайтына катталган командалар арасында жыл сайын Дүйнөлүк чемпиондук өткөрүп келет. Акыркысы 2015-жылы өтүп, орусиялык «Hellraisers» жеңишти камсыздаган. Жалпы сыйлык фонду 300 миң АКШ долларын түзгөн.

Миллиардер компания[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Танктар дүйнөсүнүн» негиздөөчүсү Виктор Кислый 40 жашка толугу менен жете элек кезинде миллионерге айланды. Анын оюн чыгарчу компаниясы былтыр 590 миллион АКШ долларын тапса, оюнчулардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Учурда анын компаниясында 4 миңге жакын кызматкер эмгектенип, дүйнө жүзү боюнча кеңселери ачылууда. «Wargaming» учурда 1,5 миллиард АКШ долларына бааланат.

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Константин Никифоров, «Wargaming» компаниясынын өкүлү: – Кайсы өлкөдө «Танктар дүйнөсү» тараган болсо, ошол өлкөдө чемпиондуктарды өткөргөнгө аракет кылабыз. Кыргызстанда болсо мелдештер Бишкекте 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ар бир өлкөнүн оюнчуларынын өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, кыргызстандык оюнчулар дароо чабуул жасоо менен айырмаланышат экен. Жеңүүчүлөр акчалай жана виртуалдык оюндагы капчыкка каражат салуу менен сыйланат.

Ой пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал эми бир нече жылдан бери ойноп келе жаткан «Qwrt15» командасынын капитаны «max007» ниги менен белгилүү геймер: – Бул оюнду бир жолу ойноп көргөндөн кийин токтотуу мүмкүн эмес. Оюндун популярдуулугу башка оюндарга караганда реалдуу көрүнүштөр менен коштолгондугунда болсо керек. Алсак, Эльф, Орг жана башка мультфильм каармандарына караганда танктар менен атышуу алда канча кызыктуу. Бишкекте ойногон жаштар барган сайын көбөйүп, бир жылда бир өтчү чемпиондукка команда болуп топтолуп даярданышат. Кээде бир нече күн тынбай ойногон учурлар болот. Эми терс жолдо жүргөндөн көрө оюн менен алаксыганы бир четинен жакшы да.

Оюндун жайылышы менен интернет айдыңында ага каршы акциялар жаралган. Ооба, бул оюнчулардын ата-энелери жана жубайлары тарабынан түзүлгөн. Кызыгы, мында согуш темасын мыкты түшүнгөнүнөн улам 30-45 жашка чейинки курактагы геймерлердин саны алдыда. Бул курактагы оюнчулардын көпчүлүгү үй-бүлөлүү, андыктан балдарын карабай эле виртуалдык оюнду акмалап отурат дегендер четтен табылууда. «Үй-бүлөнү сактайбыз!» акциясы ата-энелерге жана жубайларга балдарды жана күйөөлөрүн виртуалдык оюндан алыс кылууну эскертип келет.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]