XML Query

Википедия дан

XML Query же XQuery - сурамжылоо ошондой эле функционалдуу тизмек жазуунун бир түрү болгону менен бирге тартипке келтирилген жана келтирилбеген берилиштер жыйындыларын (көбүн эсе XML жана башка менчик (JSON, binary, ж.б.)) бир түрдөн башка түргө айландыруу үчүн иштелип чыккан тизмектөө тили. Бул тил W3C -га таандык XML Query иштөө тобунун тарабынан иштелип чыкты. Иш чара XSLT долбоорунун жетектеген XSL Иштөө тобунун көз алдында болуп келет; сөз болгон эки топ XQuery -нин бир бөлүгү болгон XPath долбоорун өрчүтүүгө жоопкерчиликти тең бөлүшөт.


"XML Query долбоорунун негизги максаты - сурамжылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип Дүйнөлүк Тармакта орун алган реалдуу жана виртуалдуу документтерден берилиштерди чыгарып алуунун негизинде Веб дүйнөсү жана берилиш кампалар дүйнөсү арасында керек болгон байланышты түзүп берүү. Натыйжада XML файлдар жыйындылары берилиштер кампалары сияктуудай эле колдонула баштайт".[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. W3C J.Robie тарабынан цитаталанды (25 -октябрь (тогуздун айы) 2003).