Аккуланын мамысы

Википедия дан
Талас шаарынын саябан багындагы Аккуланын мамысы.

Аккуланын мамысыСоң-Көлдүн тескейинде «Жылдыз-Көл» аталган майда көлдөрдүн батыш тарабындагы мамы таш. Ал жерде, ошондой эле таш тулгалар да бар. Аккуланын мамысы алардан 500—600 лдей обочороок жерде, көлгө жакын жатат. Аккуланын мамысынын өңү чаар, көгүш тартып, төрт кырдуу. Жерден 1,45 мдей чыгып, саал батышка жантайып турат. Жер астындагы бөлүгү канча экендиги белгисиз. Ал аймакта дегеле мындай таштар жок, жайык келген көк шиберлүү жер, тоо алыс. Атайын алып келип коюлган эстелик таш болуу керек. Уламыш боюнча Манас кырк чоросу менен Соң-Көлгө келип, Аккуланы мамыга байлап өздөрү ал жерге эс алып жатып, тамак бышырып, түнөп кеткен дешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4