Алисия Викандер

Википедия дан
Алисия Викандер

Алисия Аманда Викандер (англ. Alicia Vikander; шведче: [aˈliːsɪa vɪˈkandɛr]; 1988-жылы, 3-октябрда туулган) - швециялык актриса жана мурунку бийчи. Ал Готенбург шаарында төрөлүп жана өскөн. Алисия балачагынан эле The Göteborg Opera өндүргөн сахна көрсөтүүлөрүнө чыга баштаган жана Стокголмдогу Роял Швециялык Балет Мектебинде жана Нью-Йорктогу Америкалык Балет Мектебинде балет боюнча сабак алган. Андан соң ал швециялык кыска метраждуу тасмаларда жана телесериалдарда тартыла баштаган. Ал эми Түндүк Европада "Андра Авенин" (анг. Andra Avenyn (2008–10) драма сериалында Жосефин Берн- Тегебранттын ролун аткаргандыгы менен таанылган.

Викандер 2010-жылы дебюттук түрдө "Таза" (анг. Pure, 2010) тасмасына тартылып, тасмадагы ролу үчүн "Guldbagge Award" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" наамын жеңип алган. Ал 2012-жылы Жо Райттын адаптацияланган "Анна Каренина" (анг. Anna Karenina) тасмасында Екатерина "Китти" Александровна Шербатская канбийкенин ролун аткаруу менен жана "Ак сөөктөр мамилелери" (анг. A Royal Affair) тасмасында каныша Каролин Матилданын ролун аткаргандыгы менен эл аралык атактуулукка жетип, "BAFTA"сыйлыгынын "Өсүп келе жаткан жылдыз" наамына көрсөтүлгөн. 2013-жылы ал бир жылдын ичинде "Мейманкана" жана " Бешинчи өкмөт" сыяктуу швециялык драмаларда тартылган.

2014 жана 2015-жылдары ал "Жаштыкты эскерүү" (анг. Testament of Youth) тасмасында активист Вера Бриттейндин ролун аткаргандыгы үчүн, "Экс Машина" тасмасында адам сыяктуу роботтун ролун аткаргандыгы үчүн (бул тасма үчүн эки "Алтын Глобус" жана "BAFTA" сыйлыктарынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамына көрсөтүлгөн) жана "Даниялык кыз" (анг. The Danish Girl) тасмасында сүрөтчү Герда Вегенердин ролун аткаргандыгы үчүн ("Оскар" сыйлыгына жана "Киноактерлордун Гилдия Сыйлыгынын" "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" жана башка сыйлыктарга көрсөтүлгөн) дүйнөлүк атактуулукка жеткен.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]