Даниялык кыз

Википедия дан
Даниялык кыз
The Danish Girl
Жанры

Драма, Өмүр баян-тасма

Режиссёру

Том Хупер

Продюсери

Тим Беван
Эрик Феллнер
Энн Харрисон
Том Хупер
Гейл Матракс

Сценарийдин
автору

Люсинда Коксон

Башкы ролдордо

Эдди Редмэйн
Алисия Викандер

Оператору

Danny Cohen

Композитору

Александр Депла

Кинокомпания

Working Title Films, Pretty Pictures, ReVision Pictures, Senator Global Productions, Artémis Productions, Shelter Prod, Taxshelter.be

Узактыгы

120 мүнөт

Бюджети

15 млн $

Кирешеси

64 191 523 $

Өлкө

 АКШ
 Улуу Британия

Тили

Аңглисче

Жылы

2015

IMDb

ID 0810819

«Даниялык кыз» (англ. The Danish Girl) — Американын өмүр баян жана романтикалык драма жанрындагы көркөм тасмасы. режиссёру Том Хупер.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Герда жана Эйнар Вегенер бири-бирин абдан сүйгөн үй-бүлө болот. Алар Даниянын борбору Копенгаген шаарында, бактылуу күн кечиришет. Экөө тең сүрөтчүлүк менен алектенет. Герданын иши жүрүшпөй бир топ кыйналат.

Бир күнү аялдын сүрөтүн тартуу үчүн Герда күйөөсү Эйнарды модель катары туруп берүүсүн өтүнөт.Ошондон тарта Герданын тарткан сүрөттөрү популярдуу болуп, күйөөсүн сүрөткө тартууну улантат. Убакыт өткөн сайын Эйнар үчүн аялдын образынан чыгуу кыйынга тура баштайт. Ал анын ичинде жашыруун бирөө жашап жатканын мурун эле билсе да, эркек катары жашоого аракет кылат.

Эйнар жубайы менен кечеге чакырылат. Бул ирет ал өзгөчөлөнүп жубайы менен аялдардын көйнөгүн кийип барат. Бирок аны эч ким тааныбайт. Эркектердин баары анын баскан-турганына, назик кылык-жоруктарына суктанышып, бейтааныш кызга кызыгуу артышат. Ал бул кечеде өзүн Эйнардын жээни Лили деп тааныштырат. Дал ушул күнү ал Хенрик аттуу мырза менен таанышып (Эйнар менен Хенрик мурда эле тааныш болгон), өбүшүп жаткан учурда Герда көрүп калат. Ал мындай окуя экинчи кайталанбасын деп гана тим болот. Хенрик башында эле Лилинин ким экенин билген. Эйнар токтотуунун ордуна жубайынын көзүнө чөп салып, Хенрик менен жашыруун көрүшө баштайт. Жыйынтыгы жубайлардын ажырашуусуна алып келет, бирок дос боюнча калышат.

Эйнардын бул кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу – жынысын алмаштыруу керектигин түшүнөт. Бирок буга мурунку жубайы, жакын сырдашы Герда каршы болот. Анткени дарыгер жынысын алмаштыргандан кийин анын тирүү калуусуна кепилдик бере албайбыз деп айтат. Анын үстүнө буга чейин жыныс алмаштыруу боюнча дүйнө жүзү боюнча дарыгерлер бир дагы жолу операция жасашкан эмес. Бирок айтканынан кайтпаган Эйнар максатына жетип, жынысын алмаштырып, Эйнар Вегенерден Лили Эльбеге айланат. Өкүнүчтүүсү – максатына жеткени менен, ал көп узабай көз жумат.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль
Эдди Редмэйн Эйнар Вегенер / Лили Эльбе Эйнар Вегенер / Лили Эльбе
Алисия Викандер Герда Вегенер Герда Вегенер
Маттиас Шонартс Ханс Аксгил Ханс Аксгил
Бен Уишоу Хенрик Хенрик
Эмбер Хёрд Улла Полсон Улла Полсон
Себастьян Кох профессор Варнекрос профессор Варнекрос

Ой-пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

скертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]