Амазонка ойдуңу
Амазонка ойдуңу - Түштүк Америкадагы табигый аймак. Амазонка дарыясынын алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, ошондой эле Колумбия, Эквадор жана Перунун аймагында. Аянты 5 млн км2ден ашык. Амазонкага Амазонка ойдуңу бүт, Гвиана (түндүгүндө) жана Бразилия (түштүгүндө) бөксөтоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектоникалык ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш Амазонкага накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын 3000 ммге чейин түшүп, дайыма суусу мол дарыялар көп, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын эндемик түрлөрү бар экватордук токой (гилей) өсөт. Чыгыш Амазонка дөңсөөлүү (бийиктиги 350 мге жетет), дарыялары босоголуу, терең капчыгайлар менен агат. Жалбырагы күбүлмө токой басымдуу, айрым жеринде саванна кездешет. Калк сейрек отурукташкан, алар негизинен токой чарбасы, аңчылык, балык кармоо, ошондой эле дыйканчылык менен кесип кылат. Кен байлыктары марганец (Сьерра-ду-Навиу), калай (Рондония аймагы), алмаз жана алтын (Мадейра бассейни). Негизинен дарыялар аркылуу катташат. Амазонканын түштүк бөлүгүнөн Бразилиядагы эң чоң жол Трансамазонка автомобиль жолу өтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1