Астрометрия: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

11 июнь 2015, саат 11:14 учурдагы нуска

Астрометрия (астро... ж-а ...метрия) - астрономиянын бир бөлүмү. Ал Ааламдын мейкиндиктеги картинасын түзүү үчүн асман объектилеринин геометр., кинематикалык ж-а динамикалык касиеттерин изилдейт. Астрометрия методу асман объектилеринин параллаксын, планета ж-а жылдыз орбиталарын, алардын бетиндеги нерселердин өлчөмүн, жайгашышын ченейт. Астрометриянын маалыматтары астрономиянын асман механикасы, астрофизика, жылдыздар астрономиясы, геодезия ж-а геофизикада кеңири колдонулат. Астрометриянын негизги милдети – астрономиялык туруктуу чоңдуктардын сан маанилерин аныктоо, жылдыздардын абалын ж-а өздүк кыймылдарынын каталогдорун түзүү. Б. з. ч. 4-кылымда эле кытай астроному Ши Шень айрым жылдыздардын каталогун түзгөн. Грек астроному Гиппарх прецессия кубулушун ачып, 1022 жылдыздын каталогун түзгөн, 15-кылымда Улугбек бул жылдыздарды кайрадан изилдеген.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1