Мирза Фатали Ахундов

Википедия дан
Ахундов Мирза Фатали‎»‎ барагынан багытталды)

Ахундов Мирза Фатали - (30.6 (12.7). 1812, Шеки, азыркы Нуха шаары - 26.2(10.3), 1878, Тифлис шаары) - азербайжан адабиятынын классиги, агартуучу, философ-материалист. Нухада орус-азербайжан окуу жайын бүткөн. Араб, фарс жана орус тилдерин билген. Ахундовдун адабий ишмердиги 19-кылымдын 30-жылдары башталган. Сын макалаларында адабияттагы реалисттик багытты жактаган. «Пушкиндин өлүмүнө» аттуу кошок поэмасы 1837-жылы орус тилине которулуп, жарык көргөн. Анын «Молдо Ибрагим Халил, алхимик» (1850), «Мусье Жордан, ботаник» (1851), «Ажы Кара» (1852) комедияларында, «Алданган жылдыздар» (1857) повестинде азербайжан элинин 19-кылымдын 1-жарымындагы турмушу реалдуу көрсөтүлгөн, коомго жат көрүнүштөр ашкереленген. Ахундов «Алданган жылдыздар» (1857) аттуу сатиралык повести менен азербайжан адабиятында проза жанрын баштаган. «Инди принци Кемал-уд-Довленин Персия принци Жалал-уд-Довлеге жазган үч каты...» деген философиялык трактатында, «Философ Юмга жооп» деген макаласында жана башка эмгектеринде материалисттик идеяны өнүктүрүү менен илимди жана философияны динден бөлүп, жаратылышты үйрөнүүгө чакырган. Ахундов аңдап билүү теориясы боюнча материалисттик сенсуализм позициясында турган. Бирок таанып-билүүнүн сезүү жана рационалдык баскычтарынын диалектикасын ача алган эмес. Социалдык эзүүгө жана Чыгыш аялдарынын укуксуздугуна каршы чыгуу менен эзүүчүлөрдү күч колдонуп гана жоготууга болот деген жыйынтыкка келген. Ахундов кийинки муундарды патриоттук духта тарбиялоону, диний ишенимдерден арылтууну максат кылган; алардын билимге, эстетикалык таалимге жетишине зор маани берген. Ахундовдун эмгектери азербайжан элинин жана Жакынкы Чыгыш элдеринин адабияттары менен коомдук ой-пикирлеринин өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. Анын чыгармалары англис, фарс, француз, немец жана башка тилдерге которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1