Ацтектер

Википедия дан
Ацтектер.

Ацтектер, астектер (өздөрүн науа, теночкалар, мешика деп аташат) - Борбордук Мексикадагы индей элдери. Саны 1 млн адам (2000). Ацтек тилинде, ошондой эле испан тилинде да сүйлөшөт. Ацтектер католик динин тутушат. 12кылымда Мехико өрөөнүндө науа көчмөн уруулары пайда болгон. Бул уруулар өрөөнгө бир нече жолу кол салышып, жеңишке ээ болушкан. Алар миштектер, тольтектер-науатилдүү жергиликтүү элдер менен ассимиляцияланып, алардын маданиятын кабыл алышкан.


1325-жылы Ацтектер Теночтитланды (азыркы Мехико) негиздешкен. 1427-жылы алгач Анауак өрөөнүн, кийин бүт борбордук, батыш жана түштүк Мексиканы каратышкан. 15-кылымдын ортосунда А Ацтектердин мамлекети түзүлгөн. Теночтитлан 4 ири жана 20 чакан кварталга бөлүнгөн. Квартал башчыларынын ичинен башкы башкаруучулар шайланып, бийлик мураска калган. Мифтик, календардык үрп-адат, салттар, ритуалдык оюндар, пиктографиялык жазуулар жана башкалар өнүккөн. Ацтектердин негизги кесиби - дыйканчылык жана мал чарбачылык. Аялдар токуучулук, өрмөчүлүк (согуучулук) өнөрү менен кесиптенишип, чий, камыш, пальма жалбырактарынан түрдүү түстөгү калпактарды, баштык, себеттерди; эркектер карапа буюмдарын жасашкан. Ацтектерде жалданма жумушчу күчү таралган. Ацтектер адобдон, камыштан же пальма, агаванын жалбырагынан жалпак жана жантаймалуу чатырчаланган үйлөрдө жашашкан. Адобдон конус сымал жабылган, бийик тосмолуу эгин сактоочу кампа, буу мончолорун салышкан. Ацтектердин негизги тамак-ашы - тортильа, мансо унунан даярдалган суюк ботко, буурчактан даярдалган жана башка азыктар. Эгинди майдалоодо жаргылчакты колдонушкан. Агаванын согунан пульке суусундугунан, кант камышынан ичкилик ичимдигин даярдашкан. Эркектер мексика тибинде жамынма сырт кийим кийишип, белдерине кездеме кур байланышкан. Аялдар ак жана саймаланган уипилдерди, узун юбкаларды кийишип, кооздолгон кур курчанышып, башына шалы жоолук салынышкан. Ацтектерде бука менен кармашуу сыяктуу театрлаштырылган көрсөтүүлөр, байыркы календардык ырым-жырымдар (Кецаля, Воладор бүркүттөрүнүн бийи) сакталып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1