Бегалы Байбулатов
(«Байбулатов Бегалы» барагынан багытталды)
Байбулатов Бегалы (1906, Ысык-Көл облусу, Каменка айылы–1981) – тарых илимийинин доктору (1968).
Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
ВКП (б) БКга караштуу Кызыл профессура институтун (1937), Кыргыз мамлекеттик педогогика институтун (1947) бүтүргөн.
Кыргызстан КП(б) обкомунда үгүтчү, райкомдун катчысы, бөлүм башчы, Эл комиссарлар советинин радиокомитетинин төрагасы, Жалал-Абад мугалимдер институтунун директору, Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун улук илимий кызматкери болуп иштеген.
200дөн ашык илимий эмгектин, атайын илимий 4 монографиянын автору.
Эмгектери негизинен Кыргызстан Коммунисттик партиясынын тарыхын изилдөөгө багытталган.
Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б., 2003