Богданов Александр Александрович

Википедия дан

Богданов Александр Александрович (10(22). 8. 1873-7. 4. 1928) - (өз аты-жөнү - Малиновский) - орус идеалист философу, экономисти, саясий ишмери, илимпоз-табият таануучу.

Харьков университетинин медицина факультететин бүтүргөн (1899). 1896-жылдан социал-демократтар партиянын мүчөсү. 1903-жылдан большевиктерге кошулган. РСДРПнин 3-, 4-, 5-съезддеринде БКга шайланган. Ушул мезгилде эле Богданов менен В. И. Лениндин ортосунда теориялык пикир келишпестиктер пайда болуп, 1909-ж. фракциячыл иш-аракети үчүн партиядан чыгарылган. Богданов марксизмди ревизиялоого аракет кылып, "коомдук бытие биринчи, коомдук аң-сезим экинчи" деген маркстик жобону эскирди деп, аны "коомдук бытие менен коомдук аң-сезим бирдей" деген субъективдүү идеалисттик жобо менен алмаштырууга далалаттанган. В. И. Ленин "Материализм жана эмпириокритицизм" деген эмгегинде Богдановдун идеалисттик көз караштарын ашкерелеген. Богданов Октябрь революциясынулуу жеңиш деп эсептесе да, анын түпкү маңызын түшүнө алган эмес. 1918-ж. Пролеткульттун идеологу болгон, 1921-жылдан геронтология жана гематология жагынан илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. Богданов дүйнө жүзүндө 1-кан куюу институтун (Азыркы Ленин ордендүү Борбордук гематология жана кан куюу институту) уюштурган жана ага директор болгон. Ал кан куюу боюнча өзүнө тажрыйба жасоодо каза болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.