Гематология

Википедия дан

Гематология (грек. heima кан жана ..логия) — медицинанын нормада жана ар кандай ооруларда кан пайда кылуучу органдардын, кан плазмасынын, кан клеткаларынын түзүлүшүн жана иштемин үйрөтүүчү бөлүмү.

Кан ооруларынын өөрчүү механизмин жана себептерин изилдейт, кан пайда кылуучу тутумдун ооруларын диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу маселелерин иштеп чыгат, кан уюшу боюнча да иш жүргүзөт.

Гематология медицинанын башка бөлүмдөрү — терапия, хирургия, онкология менен тыгыз байланышта.

Гематология медицинанын жетишкендиктерин, изилдөөнүн атайын ыкмаларын (мисалы: лимфа түйүндөрүнө, боорго, көк боорго иштем жасоо), азыркы дары каражаттарын жана донор канынан жасалган препараттарды кеңири пайдаланат. Хирургиялык, гинекологиялык, ички жана жугуштуу ооруларды диагноздоодо гематологиялык изилдөөлөрдүн мааниси чоң.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1661-ж. италиялык анатом М. Мальпиги, 1673-ж. голландиялык биолог А. Левенгук жаныбар жана адамдын канынан кызыл кан денечелерин, ошол эле жылы англ. хирург У. Хьюсон ак кан денечелерин ачкандан кийин өзүнчө илим болуп бөлүнгөн. Гемотологиянын өнүгүшүнүн натыйжасында лейкоз (ак кан оорусу), анемия (аз кандуулук), гемолиз жана башка оорулар изилденип, аларды дарылоо методдору иш жүзүнө ашырылды. Медицинанын башка бөлүмдөрү терапия, хирургия, онкология менен тыгыз байланыштуу. Гемотологиянын бир тармагы иммуногематология кан топторун, резус факторун жана башка изилдейт. Хирургия, гинекология, ички жана жугуштуу ооруларды диагноздоодо гемотологиялык изилдөөлөрдүн мааниси чоң. Кыргызстанда гемотология боюнча изилдөөлөрдү гематология илимий борбору жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]