Богорстон
Көрүнүш
Богорстон — геноним. Кыргыз элдик санжыра боюнча Долон бийден — Ак уул, Ак уулдан — Тагай, Тагайдан ― Богорстон, Богорстондон ― Эштек, Эштектен — Солто уруусу тарайт. Генонимдин адепки формасы «бага + арстан» болуусу ыктымал. «Бага» термини байыркы кыргыздардын «топ», «уруулук бирикме», «аймак» маанилерин түшүндүрсө, анда геноним «арстандар уруулук бирикмеси, тобу, уруусу» дегенди туюнтары анык.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк.Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4