Венесуэла коммунисттик партиясы

Википедия дан

Венесуэла коммунисттик партиясы - 1931-ж. мартта негизделген. 1935-ж. августта Коминтернге кабыл алынган.

  • Түзүлгөндөн подпольеде иштеген. 1937-ж. августта Маракай шаарында өткөн 1-улуттук конференцияда партиянын катарын чыңдоо чаралары көрүлгөн.
  • 1945-ж. ВКП ачык иштөө укугуна жетишкен. 1946-ж. ноябрда 1-съезди болуп, партиянын саяснй тезистери, уставы кабыл алынган.
  • 2-съезди (1948) импер. монополияларга жанa ички реакцияга каршы күрөштө биримдик фронтун түзүүгө чакырган.
  • 1950-ж. өкмөт башындагы аскер хунтасы компартиясын ачык иштешнне тыюу салган.
  • ВКПнин демилгеси боюнча 1957-ж. түзүлгөн Патриоттук хунта Перес Хименестин (195258) диктатурасына каршы күрөштө зор роль ойноду; ал кулатылгандан кийин партия подпольеден чыкты.
  • Партиянын 3-съезди (1961-ж. март) саясий тезистерди жанa партиянын жаңы уставын кабыл алып, өкмөттүн АКШ империализмине багынуучу саясатына сокку уруу милдетпн коюп, демокр. жанa патриоттук өкмөт түзүүгө үндөдү.
  • 1962-ж. партиянын ишине кайрадан тыюу салынды. 1969-ж. партия ачык иштөөгө өттү.
  • ВКПнин 4-съезди (1971) саясий декларадияны, жакынкы талаптардын программасын, партиянын жаңы уставын кабыл алып, империализмге каршы күрөш жолун белгиледи.
  • ВКПнин делегациялары Коммунисттик жанa жумушчу партиялардын эл аралык кеңешмелерине (1957, 1960, 1969, Москва) катышып, анын документтерин жактырды.
  • Пар­тиянын жог. органы — съезд, съезд аралыгында — БК, ал Саясий бюрону ж-a Секретариатты шайлайт. Борб. органы «Трибуна популар» газетасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.