Диктатура

Википедия дан

Диктатура(лат. dictatura – чексиз бийлик) – мамлекетте бийликти демократиялык эмес жол менен ишке ашыруу. Диктатура байыркы Римде чексиз укук же диктатор бийликти башкарган мезгилинде пайда болгон. Диктатурада бийлик бир кишинин – диктатордун, же бир нече кишинин колуна топтолуп, мамлекет бийликтин институтары тарабынан чектелбейт жана саясат куралдуу зомбулук, террор жолу менен жүргүзүлөт. Бул учурда диктатура диктатордук бийликтин чексиздиги, көзөмөлдөнбөстүгү менен башмыйзамда жарыяланган демократиялык укуктарга, эркиндиктерге каршы келип, өкүлдүк органдардын укуктарын чектөө жана башкалар менен мүнөздөлөт.

Тарыхта диктатордук режимдин орнотулушу саясий күрөштөрдүн кескин күчөшү, социалдык-экономикалык кризистердин курчушу, башкаруучу режимдин социалдык базасы тарыган же бийликке күч менен келген мезгилине туура келет. Мисалы: Испаниядагы Франко диктатура, Германиядагы фашисттик диктатура.

Диктатура бийлик жүргүзүүнүн жолу катары демократиялык режимдин альтернативасы болуп саналат. Диктатура авторитардык, тоталитардык, согуштук жана реакциячылык ж. б. бөлүнөт.

Диктатура түшүнүгү марксизмде өзгөчө аныктамага ээ болгон. Ал боюнча, ар кандай мамлекет белгилүү таптын диктатурасы болот, үстөмдүк кылуучу тап өз бийлигин күч менен ишке ашырат, ал эч нерсе менен чектелбей турган эч кандай мыйзамдар, абсолюттук эч кандай эрежелер менен кысым жасалбай турган, тикеден-тике зордукка сүйөнүүчү бийлик дегенден башканы билбейт.

Буржуазиялык коомдо мамлекеттер ар түрдүү болгону менен алардын маңызы бир, акыры сөзсүз буржуазиянын диктатурасы болуп эсептелет.

Капитализмден социализмге өтүүдө пролетариаттын диктатурасы башка айтканда эзүүчү азчылыктын үстүнөн эмгекчил көпчүлүктүн диктатурасы зарыл, ал диктатура социализмди куруунун куралы болот дешкен. Бул идеянын утопия жана коркунучтуу экендигин тарых далилдеди. Иш жүзүндө өзүн пролетариаттын диктатурасы деп атаган өлкөлөрдүн биринде да мындай болгон жок, тескерисинче, жол башчынын, жогорку партиялык-мамлекеттик жетекчиликтин, жалпысынан номенклатуралык катмардын гана диктатурасы болуп калды.

Пролетариаттын диктатурасы идеясы коммунисттик режимге каршыларга жана башкача ойлогондорго каршы репрессия иштемин аткарган. Азыркы мезгилде, өзгөчө коммунисттик режим кулагандан кийин, дүйнөдөгү диктатурадын саны кескин кыскарды.

Пайдаланылган адабиятттар:

Булак 1: Кыргыз Инфо Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine Булак 2: Биздин Archived 2022-01-23 at the Wayback Machine

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8