Мазмунга өтүү

Видео-арт

Википедия дан

Видео-арт — 1960-жылдары эксперименттик-изилдөө нугунда пайда болгон заманбап көркөм искусствосунун формаларынын бири.

Видео-арттын негизин видеотехника менен жасалган тажрыйбалар, компьютердик жана телевизиондук сүрөттөө түзөт. Чындыкты, иллюзия берүүнү аныктаган техникалык коддун шарттуулугу менен маанилүүлүгүн заманбап видео техниканы пайдалануу жана ар кандай жолдор менен, тилди талдоо менен билсе болот. Тилди анализдөө (бул жерде массалык коммуникациянын визуалдык каражаттар тили) Видео-артты концептуалдык көркөм искусство менен жакындатат. Бул тармакта Нам Джун Пайк (ал видео-арттын негиздөөчүсү деп эсептелинет) Кит Соньет, Уильям Уэгмэн, Клаус Ринке, Брюс Науман, Лес Левин жана башка сүрөтчүлөр эмгектенишкен.

  • Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004