Мазмунга өтүү

Википедия:Аталыш мейкиндиги

Википедия дан
Белгилүү бир функцияларды аткарган Талкуулоо функциясын аткарган
0 Негизги (префикссиз) 1 Талкуу
2 Колдонуучу 3 Колдонуучунун баарлашуулары
4 Википедия 5 Википедияны талкуулоо
6 Файл 7 Файлды талкуулоо
8 МедиаВики 9 МедиаВикини талкуулоо
10 Калып 11 Калыпты талкуулоо
12 Жардам 13 Жардамды талкуулоо
14 Категория 15 Категорияны талкуулоо
710 TimedText 711 TimedText talk
828 Модуль 829 Модулду талкуулоо
Виртуалдуу
-1 Атайын
-2 Медиа
Аталыш мейкиндиги же жөн эле мейкиндик — МедиаВики таанычу белгилүү бир префикстен башталган же префикссиз барактардын топтому.

Википедия ― энциклопедиялык сайт болгондуктан, мазмунун анын арналышы боюнча 2 топко бөлсө болот: окурмандарга арналганга жана түзөтүүчүлөргө арналганга. Окурмандарга арналган мазмун ― энциклопедиялык макалалар префикссиз аталат, бул жагдай да аларды калган (префикстүү) барактардан айырмалап, өзүнчө мейкиндикти белгилейт. Ал мейкиндик негизги деп аталат.

Префикстер белгилүү бир функцияны/функцияларды аткарган барактарды бөлөк барактардан айырмалоо үчүн колдонулат.

Мейкиндиктер

Негизги (префикссиз): энциклопедиялык макалалар, тизмелер, багыттамалар ж.б.
Колдонуучу: жеке колдонуу үчүн түзүлгөн ар кандай барактарды камтыйт.
Википедия: Википедиянын иштөөсүнө арналган көмөкчү барактар, эрежелер, көрсөтмөлөр, эсселер ж.б.
Файл: жүктөлгөн файлдардын сыпаттамалары.
МедиаВики: интерфейстин тексттери, гаджеттер.
Калып: башка барактарда колдонулуучу барактар.
Жардам: Википедиянын кандайдыр бир аспектин түшүндүрүүчү барактар.
Категория: тийиштүү шилтемени камтуучу барактарды тизмелеп көрсөткөн барактар.
TimedText: медиа файлдар үчүн субтитрлер.
Модуль: Lua'дагы модулдардын коддорун жана алардын документтерин камтычуучу барактар.

Талкуу барактары

Жогоруда келтирилген ар бир мейкиндикте өз талкуу мейкиндиги б.а. талкуу барактары бар (мисалы, Википедия/Википедияны талкуулоо, Файл/Файлды талкуулоо). Макалалар менен колдонуучулардын талкуу барактары башкача аталып, калган көпчүлүктөн айырмаланып турат. Макалалардын талкуу барактары Талкуу: деп башталат, колдонуучулардын ― Колдонуучунун баарлашуулары деп.

Талкуу барагы тийиштүү барактын мазмунун талкуулоо же колдонуучуга кайрылуу үчүн колдонулат. Колдонуучунун талкуу барагына жазганда анын «ээси» ал тууралуу кулактандырылат.

Виртуалдуу мейкиндиктер

Атайын: колдонуучунун талабы боюнча көрсөтүлүүчү барактар (мисалы, Соңку өзгөрүүлөр).
Медиа: файлдарга түз шилтемелер (Файл:Example.jpg менен Медиа:Example.jpg салыштырып көрүңүз).

Жалган мейкиндиктер

Кыймылдаткыч үчүн өзүнчө мейкиндик эмес, бирок ыңгайлуулук үчүн шарттуу мейкиндикти жаратуучу префикстер бар. Мисалы, Википедия мейкиндигинин энциклопедиялык мазмундан ажыратып, категориялоо үчүн «Категория:Википедия:» префикси колдонулат.