Галапагос

Википедия дан

Галапагос, Ташбакалууаралдар, Колон архипелагы Тынч океандагы 13 ири жана көптөгөн майда аралдар тобу. Түштүк Американын жээгинен 1000 кмдей аралыкта, Эквадордун провинциясы.

Галапагос провинциясы

Ландшафт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ири аралдары: Исабела, Фернандина, Сан-Сальвадор, Санта-Крус жана Сан Кристобаль. Аянты 7,8 миң км2. Калкы 18,55 миң (2006).

Галапагос.

Административдик борбору Бакерисо-Морено. Аралдар жанартоонун аракетинен пайда болгон. Өчкөн жана аракеттеги жанартоолорбар. Бийиктиги 1707 мге чейин. Мында тропик жана уюл аймактарындагы фауна менен флоранын айрым түрлөрү кездешет. Реликт жана эндемик жаныбарлар (опунция; алп ташбака, игуана кескелдириги, пингвин, фригат, фламинго, биргазан жана башка) өтө көп. 1964-ж. Санта-Крус аралында Ч. Дарвин атындагы Эл-аралык илимий - изилдөө станция,1936-ж. Галапагос улуттук паркы (аянты 691 миң га; кайталангыс фаунасы менен флорасын коргоо үчүн) уюшулган. Галапагос аралдары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Архипелагды 1935-ж. испаниялык Томас де Берланга ачкан. Галапагоско 1835-ж. Ч. Дарвин келип, өзү байкоо жүргүзгөн материалдарды эволюция теориясын негиздөө үчүн пайдаланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]