Геология
Геология (гео... жана ...логия) – жер жана анын кыртышынын курамы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы жана андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашуусу жөнүндөгү илимдердин комплекси. Геология эң байыртан, тоо-тек, минерал жана кен-таштар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар пайда болгондон эле белгилүү. Байыркы грек жана Рим илимпоздору (Пифагор, Аристотель, Плиний, Геродот, Страбон ж. б.) жер титирөө, жанар тоолордун атылуу жана дарыя нуктарынын өзгөрүү процесстерин байкашып, алардын пайда болушун түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок, Геология илим катары туңгуч ирет орто кылымда чыгыш окумуштуулары Фараби, Бируни жана Ибн Синанын эмгектеринде калыптана баштайт. Алар айрым минералдарга, асыл жана кооз таштарга, кээ бир геологиялык тулкулар менен кубулуштарга илимий мүнөздөмө беришкен.
Европада тарыхый Геологияга тиешелүү маалыматтар 1617-кылымда Леонардо да Винчинин, Ж. Фракасторонун, Н. Стенонун эмгектеринде кездешет. Жазма адабиятта «Геология» деген сөздү алгачкы жолу немец епископу Р. де Бьюри 1473-ж. Кельн шаарында чыккан «Philobiblon» («Китептерге ышкы») аттуу китебинде азыркы түшүнүктөн таптакыр башкача диний мааниде пайдаланган. «Геология» терминин алгач 1603-ж. италиялык натуралист У. Альдрованди «теология» терминине карама-каршы, табиятка байланыштырып (зоология жана ботаника), «жер илими» деген терминди колдонгон. Азыркы учурдагы түшүнүккө жакындашкан мааниде «Геология» терминин 1657-ж. норвегиялык окумуштуу М. П. Эшольт колдонгон. 17-кылымдан 18-кылымдын 1-жарымына чейин «Геология» термининин ордуна «минералогия» жана «ориктогнозия» терминдери, 18-кылымдын аяк ченинен 19-кылымдын ортосуна чейин Германияда, Россияда (1920-ж. чейин), Англияда «геогнозия» деген термин колдонулуп келген. 18-кылымдын 2-жарымынан табияттаануу илимдеринин бир тармагы катары Геология өз алдынча бөлүнө баштаган. Ушул мезгилде айрым тоо тектердин келип чыгышы жөнүндө илимий түшүнүктөр пайда болуп, геологиялык кубулуштарды байкоо жолдору иштелип чыгып, көптөгөн материалдар топтолгон. 18-кылымдын ортосунда адегенде кичирээк, кийин чоң-чоң аймактардын геологиялык карталары (литологиялык-петрографиялык) түзүлө баштайт. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында тоо тек катмарларынан табылуучу ташка айланган байыркы организмдердин калдыктарын изилдөө менен жер кыртышынын салыштырмалуу жашын аныктоо мүмкүндүгү айкын болот. Ушундан баштап Геология биротоло өз алдынча илимге айланат. 19-кылымдын аягында Жердин тарыхы жана сырткы түзүлүшү жалпысынан илимий жактан далилденген. 20-кылымдын башталышында жер кыртышынын курамын, түзүлүшүн изилдөө жолдору калыптанып, Геологиянын бардык тармактарынын өнүгүшү байкалат. Геология жалпысынан бири бири менен тыгыз байланыштагы бир нече тармакка бөлүнөт.
1) Жер кыртышы менен литосферанын заттык түзүлүшүн (структурасын) изилдөөчү тармакка төмөнкүлөр кирет: минералогия жаратылышта кездешүүчү туруктуу химиялык бирикмелердин (минералдардын) курамы, касиеттери, түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү жана закон ченемдүүлүктөрү, ошондой эле пайда болушу жана табигый шартта өзгөрүшү жөнүндөгү илим; петрография тоо-тектердин минералдык жана химиялык курамын, түзүлүшүн, физикалык касиеттин пайда болушун, өзгөрүшүн изилдөөчү илим; кристаллография минералдар жана алтын, платина, алмаз сыяктуу жаратылышта таза элемент түрүндө таралган кристаллдык заттардын сырткы формасы менен ички түзүлүшүн изилдөөчү илим; литология чөкмө тоо-тектердин жана учурдагы чөгүндүлөрдүн заттык курамы, түзүлүшү, таралуу закон ченеми, пайда болуу шарты, өзгөрүшү тууралуу илим.
2) Геологиялык поцесстер менен кубулуштарды (динамикалык Геология) изилдөөчү тармакка жер кыртышынын козголушун, анын себебинен болуучу геологиялык түзүлүштөрдү изилдөөчү илим тектоника кирет. Тектониканын бир тармагы геотектоника. Ал Жердин ири структураларын (материктер менен океандар) изилдейт, ал эми неоген-антропоген мезгилиндеги жер кыймылын изилдөөчү тармагы неотектоника деп аталат. Жанар тоолордун пайда болуу жана атылуу процесстерин, алардан чыккан магма, жанар тоо тектери ысык суулары менен газдардын курамын, жер бетине таралуу закон ченемин ж.б. кубулуштарын изилдөөнү вулканология илими жүргүзөт, ал эми сейсмология жер титирөөлөрдү жана ага байланыштуу геологиялык процесстерди изилдейт жана алардан алынган маалыматтар боюнча жер титирөөгө кооптуу аймактарды аныктайт. Структуралык Геология геологиялык тулкулардын, тоо тек катмарларынын жайгашышын, алардын бүктөлүшүн, тектоникалык жаракалар менен тилкеленишин аныктоочу илим.
3) Жердин чөкмө катмарларындагы сакталып калган калдыктардын негизинде геологиялык тарыхын жана анын ырааттуулугун, органикалык дүйнөнүн эволюциясын изилдөөчү тармак тарыхый Геология. Бул топко төмөнкүлөр кирет: стратиграфия жердин чөкмө тоо тек катмарларынын ырааттуулугун, салыштырмалуу геологиялык жашын аныктайт, палеогеография геологиялык маалыматтардын негизинде өткөн Геологиялык мезгилдердин физикалык-географиялык шарттарын изилдейт; палеонтология байыркы өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ташка айланган калдыктары аркылуу өткөн Геологиялык мезгилдердеги тиричиликти изилдейт. Геологиянын эл чарба керектөөсүнө түздөн-түз байланыштуу тармагына (колдонмо Геология) төмөнкүлөр кирет: кен байлыктар материалдык өндүрүш чөйрөсүндө натыйжалуу пайдаланууга боло турган жер кыртышындагы минералдык заттар жөнүндөгү илим; гидрогеология жер астындагы суулар тууралуу илим; инженердик геология ар түрлүү ири курулуштар менен имараттарды тургузууга байланыштуу кыртыштын физикалык-механикалык касиеттерин аныктайт.
Геология илиминин системасында жер бетинин ири аймактарынын геологиялык картасын түзүп, аларга жалпы баа берүү максатында жүргүзүлгөн аймактык Геология менен океан-деңиз түптөрүнөн кен байлыктарды издөөгө жана изилдөөгө арналган деңиз Геологиясы да орчундуу орун ээлейт. Геология башка табият таануу илимдери менен тыгыз байланышта өнүгүп келет. Айрыкча химия жана физика илимдеринин закон ченемдерин, ыкмаларын кеңири пайдалануунун натыйжасында Геологиянын геохимия жана геофизика сыяктуу тармактары пайда болуп, ошондой эле Геология астрономия, география, геодезия, биология, тоо кен иштери менен байланышта өнүгүүдө. Азыркы убакта Геология илимине теориялык жана практикалык изилдөө жүргүзүүдө физикалык, математикалык ыкмалар жана заманбап компьютердик моделдештирүүлөр, технологиялар (географиялык маалымат системасы) кеңири пайдаланылууда. Геологиялык изилдөөлөрдү бүткүл Жер шары боюнча уюштуруп, белгилүү бир багытта жүргүзүү, Геологиянын эң негизги проблемаларын талкуулоо маселелерин 1875-ж. негизделген Эл аралык геологиялык конгресс ишке ашырат. Кыргызстандын Геологиясын илимий жактан изилдөөнү Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Геология жана Сейсмология институттары, ал эми кен байлыктарын издөө жана геологиялык чалгындоо жумуштарын Кыргыз Геология жана минералдык ресурстар агенттиги жүргүзүп келет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4