Мазмунга өтүү

Давыдов Лев Константинович

Википедия дан

Давыдов Лев Константинович (19. 10. 1893, Ташкент – 12. 12. 1968, Санкт-Петербург) – географ-гидролог, география илимий доктору (1947). Орто Азия гидрометеорология институтунун директору (1930–33). 1933–35-ж. Санкт-Петербургдагы мамлекеттик гидрология институтунда иштеген. 1938-жылдан Санкт-Петербург университетинин гидрология кафедрасынын башчысы. Суу кадастрын түзүүдө демилгечи жана жетекчилердин бири. Агын суулардын пайда болушунун жана режиминин физ.-геогр. закон ченемин изилдеген. Давыдовтун ысмынан Ак-Шыйрак кырка тоосундагы мөңгү аталган. Эмгектери: Классификация рек Средней Азии по типу их питания // Зап. Гос. Гидрологического ин-та. 1933, т. 10; Водоносность рек СССР, её колебания и влияние на неё физико-географических факторов. Л., 1947; Гидрография СССР, ч. 1–2. Л., 1953 – 55; Общая гидрология. Л., 1958 (совм. с Н. Г. Конкиной).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргызстан: энциклопедия