Жалал-Абад мамлекеттик университети

Википедия дан
Жалал-Абад Мамлекеттик Университети.

Жалал-Абад мамлекеттик университети 1993-жылы 2-апрелде КР Президентинин указы менен төмөнкү окуу жайлардын негизинде ачылган:

1. Жалал-Абаддагы А.С. Пушкин атындагы педагогикалык училищасы (1926-ж);
2. Жалал-Абад зооветеринардык техникуму (1947-ж);
3. Фрунзе политехникалык институтунун факультеттери (Кара-Көл (1963-ж), Таш-Көмүр (1990-ж);
4. Кочкор-Атадагы Аспап курулуш техникуму (1981-ж);
5. Майлуу-Суу шаарындагы электрдик-механикалык техникуму (1965-ж).

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2 институт, 10 факультет жана 7 колледж иштейт. Факультетттери: Педагогикалык, медициналык, маалымат коммуникация технологиялары,инженердик-техникалык, экономика жана ишкердик,кыргыз филологиясы жана журналистика, КМШ элдеринин филологиясы, Эл аралык байланыштар жана дүйнө тилдери, социалдык-гуманитардык жана табият таануу.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 54 адистик боюнча квалификациялуу адистер даярдалат.
Университет-көп баскычтуу окуу жайы. Өзүнүн ички түзүлүш курамы жана көп тармактуу өнүгүүсү боюнча Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын катарына кошулат.
ЖАМУнун окутуучулары жылдан жылга өзүнүн илимий даражасын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатышат.
Бүгүнкү күндө жалпысынан 700 окутуучу иштеп, 15 илимдин докторлору, 20 профессор, 100 дөн ашык илимдин кандиданттары жана доценттер студенттерге билим тарбия берип, үзүрлүү эмгектенишүүдө.

Жыл сайын ЖАМУнун студенттердин саны да өсүп, жаштардын билим алууга кызыккандыгы байкалат. 1993-жылы университет түзүлгөндө студенттердин саны -1314 болчу. Азыркы күндө (2012 ж.) студенттердин саны-14000ге жеткен.

ЖАМУда төмөнкүдөй заманбап борборлор жана илимий борборлор иштейт: Окутуунун интенсивдүү усулу борбору, Сынчыл ойлом борбору, Педагогикалык чеберчиликке үйрөнүү борбору,Көркөм академия, Америка борбору, Кытай борбору, Европа тилдерин өнүктүрүү борбору, Славян борболру, Өзбек маданий борбору, Карьреа борбору жана Гендердик изилдөө жана өнүктүрүү борбору.

Өкмөттүн №496 23.08.11 токтомунун жана Билим берүү жана илим министрлигинин №631 15.09.11-жылдагы буйругунун и негизинде 2012-жылдан баштап ЖАМУ 2 баскычтуу билим берүү структурасына өтөт. 35 багыт боюнча бакалавр даярдоо үчүн лицензия алынган.

Азыркы күндө (2012 ж. май айы) ЖАМУнун ректору болуп саясый илимдеринин кандидаты, профессор Ахунжан Баказович Абдрашев иштеп жатат. Окуу иштери боюнча проректор техника илимдеринин доктору, профессор Кенешбек Жумабекович Усенов. Илим жана гендердик маселелер боюнча проректор айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор Талчакан Кайыпжановна Аманкулова.

Бүгүнкү күндө 2016-жылдын 25-ноябрынан баштап техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович иштеп жатат. Окуу иштери боюнча проректор техника илимдеринин доктору, профессор Алибаев Атабек Пахырович, ал эми илим ий иштер боюнча проректор физика-математика илиминин доктору, проефессор Алыбаев Курманбек Сарманович иштеп жатат[1].

Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин желеконушу Archived 2013-01-21 at the Wayback Machine

Университеттин ректорлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Бримкулов Улан Нургазиевич (1993-1996-жж)
  2. Бекболотов Турсунбек Бекболотович (1996-1999-жж)
  3. Бокошов Жамгырбек Бокошович (2000-2005-жж)
  4. Аширалиев Абдиумаматкадыр (2005-2008-жж, 2010-2011-жж)
  5. Кенесариев Ташмамбет Кененсариевич (2008-2010-жж)
  6. Абдрашев Ахунжан Баказович (2011-2016-жж)
  7. Усенов Кеңешбек Жумабекович (2016-ж.) [2]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Усенов Кенешбек Жумабекович
  2. Усенов Кенешбек Жумабекович