Иосиф Кобзон
Иосиф Кобзон
| |
Негизги маалымат | |
---|---|
Төрөлгөндөгү ысымы |
Маалыматтардын маңызы белгисиз. |
Толук ысымы |
Иосиф Давыдович Кобзон |
Туулган датасы | |
Туулган жери | |
Өлгөн датасы |
30 -август 2018 (80 жаш) |
Өлгөн жери | |
Өлкө | |
Кесиптери | |
Жанрлары | |
Активдүү жылдары | |
Автографы | |
iosifkobzon.ru |
Иосиф Кабзон (тж 11-сентябрь 1937 Часов Яр, Сталин облусу, Украин ССРи, СССР — 30-август 2018, Москва) — Советтик жана Орусиялык ырчы. Коомдук ишмер жана мамлекеттик ишмер. Мамлекеттик Думанын II-VII чакырылыштарындагы депутаты[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Иосиф Кабзон 1937-жылы 11-сентябрында Украинанын Донецк облусуна караштуу Часов Яр шаарында төрөлгөн. 1959-1962-жылдары Бүткүл союздук радио түйүнүндө эмгектенген. Андан кийин мамлекеттик концерттик уюмда ырчы болуп иштеген. Иосиф Кобзонго Бүткүл союздук атактуулукту "А у нас во дворе" деген ыры алып келген. Дал ушул жылы орусиялык эстрада артисттеринин сынагынын, Польшадагы эл аралык сынактын лауреаты болгон. 1963-жылы Мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтта вокал боюнча билимин алса, 1974-жылы Марксизм-ленинизм университетин бүтүргөн. 1984-жылы Мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтта эстрадалык вокал боюнча сабак бере баштаган. 1993-жылы профессор болгон. Ал эми 1973-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын мүчөсү, 1989-жылдын май айынан 1991-жылдын сентябрына чейин СССРдин Эл депутаты жана "Союз" депутаттык тобунун мүчөсү болгон. 1997-жылы Мамлекеттик Думанын депутаты болгон. 1999-жылдан тартып депутаттык топтун, партиянын мүчөсү катары Мамлекеттик Думанын II-VII чакырылыштарындагы депутаты. 2015-жылы Донецк Эл Республикасынын Эмгектин Баатыры, 2016-жылы Орусия Федерациясынын Эмгектин Баатыры деген жогорку сыйлыктарга ээ болгон.