Кассандра Клэр

Википедия дан
Кассандра Клэр (2013).

Джудит Лүис (англ. Cassandra Clare; кийин Румельт, 1973-жылы27-июлунда туулган) -калың журтка калем аты Кассандра Клэр аты менен белгилүү болгон, Америкалык жаш улууларга арналган көркөм адабияттын автору, бестселлерге айланган "Өлүм аспаптары" аттуу китеби менен таанымал болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клэр Джудит Румельт болуп, Америкалык үй бүлөөдө Ирандын борбору Тегеранда туулган. Ата-энеси Элизабет жана Ричард Румельттер бизнес мектептин автору жана профессору болуп эмгектенишкен. Тай атасы тасма режиссеру Макс Розенберг болгон. Клэр жүйүт болгон жана үй бүлөсүн "динге ишенбегендер" деп сүрөттөгөн.

Бала кезинде Клэр тез тез саякаттачу, ошентип ал убактын Швейцарияда, Англияда жана Францияда өткөргөн. Жогорку мектепти улантуу үчүн Лос-Анжелеске кайтып келген, андан соң Калифорния жана Нью Йорктогу ар тирдүү журналдарда жана таблоиддерде анын ичинде Голливуд Репортер журналында иштөө үчүн убактысын экиге бөлгөн.

Лос-Анджелес жашап жаткан учурунда Кассандра Клэр калем атты колдонуу менен фантастикаларды жазууну баштаган. "Гарри Поттер" китебинин негизинде жазылган "Драко Трилогиясы" жана"Шакек ээси"аттуу китептин негизинде жазылган "Эң Сырдуу Күндөлүктөр" китептери абдан популярдуу болгон. Бирок, ал өзүнүн алгачкы "Жакшынакай сөөктөр" романы чыгаарына чейин биринчи романын аз убакыт ичинде интернеттен алып салган, роман Кассандра Клэр ат менен басылып чыгарылган.

Ошондой эле Клэр жазуучу Холли Блек менен достук маамиледе болгондуктан эки жазуучунун каармандары бири биринин романдарында кездешкендигин байкалат. Мисалы: Блектин романынын Вал жана Лүис сыктуу каармандарынын колдонулушу.

Клэр "Бузулган периштелердин шаары режимин"ойлоп табып, басма кана менен сүйлөшүү менен биргеликте, бул режимде бир каармандан экинчи каармантууралуу болгон маалымат, басылып чыккан китептин аркасына "кат" тиркелген. Ыкманы колдонуу максаты, бул китептин сатылышын жогорулатуу болгон.

Азыркы учурда жазуучу Амхерст, Массачусетсте жолдошу жана үч мышыгы менен жашайт.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]