Кочабамба
Көрүнүш
Кочабамба – Боливиядагы шаар. Кочабамба департаментинин административдик борбору. Калкы 616,9 миң, шаар айланасы менен 900 миң (2009); калкынын саны боюнча Боливиядагы 3 шаар. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, текстиль, булгаары, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Университет бар. 1574-ж. негизделген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9