Краснодар крайы
Краснодар крайы – Россия Федерациясынын европалык бөлүгүндөгү субъектиси. Чоң Кавказдын батышында жайгашкан. Түштүк-батышын Кара деңиз, түндүк-батышын Азов деңизи жана Керчь кысыгы чулгайт. Абхаз Республикасы жана Украина (Керчь кызыгы аркылуу) менен чектешет. Аянты 75,5 миң км2. Калкы 5 453 329 (2015). Административдик-аймактык жактан 37 районду, 26 шаарды, 12 шаарчаны камтыйт. Борбору - Краснодар шаары.
Түштүк Федералдык округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы Краснодар крайынын 1997-ж. кабыл алынган уставы аркылуу аныкталат. Администрация башчысы – губернатор.
Табияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Табияты калктын жашоосуна жагымдуу. Экологиялык абалы крайдын түздүк бөлүгүндө айыл чарбанын (мал чарба комплекстеринин) жана өнөр-жай калдыктарынан (пестициддер менен) булганып, химиялык өндүрүшү өнүккөн аймактарда өтө курч абалда. Кубань дарыясы жана Азов деңизинин акваториясы пестициддер жана жер семирткич, Кара деңиз нефть продуктулары аркылуу (Новороссийск менен Туапсенин аймагы) булганууда. Крайдын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Кубань-Азов бою ойдуңу ээлейт. Чыгышында Ставрополь дөңсөөсү, түштүк-батышында жана түштүгүндө Чоң Кавказдын батыш тармактары жатат. Климаты түздүктөрүндө мелүүн континенттик, тоолорунда нымдуу, салкын, Кара деңиздин жээгинде субтропиктик. Январдын орточо темпретурасы –4Соден –5оСге чейин (Кара деңиз жээги), июлдуку 22 – 24 Со, тоолорунда 22 – 24 Со. Жылдык жаан-чачыны 400 ммден 1400 ммге чейин (Сочинин аймагында), тоолорунда 3200 мм жана андан ашык (Ачишхо кырка тоосу жана Красная Поляна аймагы). Тоолорунда климаты бийиктеген сайын өзгөрөт. Эң ири дарыясы – Кубань, куймалары: Уруп, Лаба, Ак ж. б. түздүктөрүндө кара, тоо этектери менен тоолорунда күрөң топурак басымдуу. Түзөң жерлери айдалат. Тоолорунда 1200 мге чейин жазы жалбырактуу (эмен, бук, граб), 1200 мден 1800 мге чейин ийне жалбырактуу токой, андан жогору субальп жана альп шалбаасы жатат. Туапсе шаарынан түштүгүрөөктө субтропика өсүмдүктөрү өсөт. Кен байлыктарынан нефть, газ, темир жана маргенец кендери, мергел, гипс, кайнатма туз казылып алынат. Россиядагы агроклиматы жана топурак ресурстары жакшы аймак. Кара деңиз жээги – өлкөдөгү маанилүү курорттук жана туристтик зона. Минералдуу суулары, дары баткактары көптөгөн курорт менен санаторийлерде колдонулат.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкынын негизин орустар (86,5%) түзөт, ошондой эле украиндер (2,6), армяндар (5,3), беларустар, грузиндер ж. б. элдер жашайт (2002). Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 67,9 киши (2008). Православныйлар, протестанттар, католиктер, мусулмандар, иудейлер да бар. Ошондой эле эски каада-салттарды да тутат. Шаар калкы 52,6%. Ири шаарлары: Сочи, Новороссийск, Армавир, Ейск, Геленжик, Кропоткин.
Өнөр жайы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Краснодар крайы Россияда өнүккөн өнөр-жайлуу, айыл-чарбалуу регион. Дүң продукциясынын көлөмү 185,1 млн рублди түзөт. Андагы өнөр-жайдын үлүшү 15,7%, айыл чарбаныкы 18,5%. Дан эгиндерин (жалпы Россиянын 9,8%и), кант кызылчасын жыйноо (26,8%) жана өндүрүү (34%), суу май (21,6%), эт (6%), бал өндүрүү боюнча 1-, күн караманын данын чогултуу (19,9%), жүзүм шарабы өндүрүшү (14,5%) бча 2-, сүт жана сүт азыктарын даярдоодо 3-орунда турат. Ошондой эле жашылча-жемиш белендөөдө да алдынкы катарда. Башкы өнөр-жай тармактары: тамак-аш (жашылча консервалары, сүт, эт, кант, май ж. б.), машина куруу жана металл иштетүү, электр-энергетика, отун, курулуш материалдар.
Айыл чарбасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айыл чарбанын негизин жашылча өстүрүү түзөт. Айыл чарбага жарактуу жери 4464,3 миң га (жер фондунун 59,1%и), анын ичинде айдоо аянты 3687,6 миң га, анын 55,9%ине дан эгиндери (негизинен күздүк буудай, жүгөрү, күздүк сулу), шалы эгилет. Ошондой эле тоют жана техникалык өсүмдүктөр (күн карама, кант кызылча, соя, күздүк рапс, эфир-май өсүмдүктөрү) өстүрүлөт. Жашылчачылык, мөмө-жемиш, жүзүмчүлүк өнүккөн, крайдын түштүгүндө чай өстүрүү өнүккөн. Мал чарбачылыгы эт-сүт багытында. Чочко асыралып, үй куштары багылат. Темир жолунун узундугу 2088 км (2007), асфальтталган автомобиль жолу 17 миң км, суу жолу 455 км. Порттору: Новороссийск (Россиядагы эң ири; жылына 110 млн т жүк ташылат), Туапсе (20 млн т ), Сочи ж. б. аэропорттору (Сочи, Адлер, Краснодар, Анапа) бар. 1483 мектепке чейинки, 1270 жалпы билим берүү, 71 кесиптик баштапкы жана 139 кесиптик орто билим берүү мекемелери, 140 Жогорку окуу жайы (анын ичинде 11 мамлекеттик) иштейт. 5 театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), 2 филармония, 3 цирк, 38 музей (анын ичинде край таануу, сүрөт музейи; Краснодарда), 4 китепкана иштейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9