Кэри Маллиган

Википедия дан
Carey Mulligan (2018)

Кэри Ханна Маллиган (англ. Carey Mulligan; 1985-жылы, 28-майда туулган) - англиялык актриса жана ырчы. Ал 2004-жылы Лондон шаарында Кевин Элиоттун "Кырк жолу көз ирмөө" аттуу спектаклинде алгачкы актердук кадамын таштаган. Ал эми тасмадагы дебютун, 2005-жылы "Намыс жана шек саноо" адаптацияланган тасмада Китти Беннеттин ролун аткаруу менен жасаган. Ал ошондой эле британ телеберүүсүндө "Ызгардуу үй" (анг. Bleak House) жана "Доктур Ким" (анг. Doctor Who) телеберүүлөрүндө да катышкан. 2008-жылы ал мактоолорго арзыган жана Чеховду кайрадан жандандырган "Ак чардак" тасмасында тартылуу менен Бродвейде дебюттук түрдө тасмага тартылган.

Маллиган "Билим берүү" (анг. An Education, 2009 ) тасмасында тартылуу менен эл аралык белгилүү актрисага айланган. Тасмадагы Женни Меллордун (журналист Линн Барбердин эскерүүсүнө негизделген) ролун аткаргандыгы үчүн "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" наамына, "Алтын Глобус", "Киносынчылардын Гилдия Сыйлыгы" сыйлыктарына көрсөтүлүп, "BAFTA" сыйлыгынын "Башкы ролдогу эң мыкты актриса" наамын жеңип алган. 2015-жылы ал Бродвейдеги Дэвид Харды кайрадан жандандарган "Асман нуру" (анг. Skylight) спектаклинде аткарган ролу үчүн "Тони" сыйлыгынын "Башкы ролдогу эң мыкты актриса" наамына көрсөтүлгөн. Буга кошумчалай ал "Мени эч качан жибербе" (анг. Never Let Me Go, 2010), "Драйв"(анг. Drive, 2011), "Уят" (анг. Shame, 2011), "Улуу Гетсби" (анг. The Great Gatsby, 2013), "Ллевин Дэвистин ичинде"(анг. Inside Llewyn Davis, 2013), "Акылсыздар тобунан алыстыкта" (анг. Far from the Madding Crowd, 2015) жана "Суфражист" (анг. Suffragette, 2015) тасмаларында роль жараткан.

Ал ошондой эле "Альцгеймер коомчулугу" жана "Согуш жана балдар" коомчулуктарынын элчиси болуп саналат. Маллиган британиялык музыкант - Маркус Мамфордго турмушка чыккан жана бир кызы бар.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]