Левкипп

Википедия дан
Левкипп

Левкипп (б.з.ч. 500—440-ж.ченде) — байыркы грек философу, Элейден чыккан. Өмүр баяны жөнүндө маалыматтар сакталган эмес. Философиянын көптөгөн тарыхчылары Левкипптин тарыхый инсан катарында жашагандыгынан күмөн санашат жана жаш Демокриттин колдонуп жүргөн экинчи автордук лакап ысмы болсо керек деп эсептешет. Бирок башка кадыр-барктуу изилдөөчүлөр тарыхта ушундай философтун жашап өткөндүгүн ырасташат. Бизге анын эч кандай эмгеги жеткен жок. Ага төмөнкү эки эмгекти таандык кылышат: «Улуу диакосмос» жана «Акыл жөнүндө».
Левкипп атомдук философияны негиздөөчү деп эсептелет. Ал материянын бөлүнбөс бөлүкчөлөрү — атом түшүнүгүн киргизет, бул атомдор боштукта кыймылдашат. Бул жагынан ал Парменидден айырмаланат. Парменид нерселерди майда бөлүкчөлөргө бөлө турган боштукту, башкача айтканда(небытие) жок нерсе дегенди тааныган эмес. Атомдор бири-биринен формалары жана көлөмү боюнча гана айырмаланышат. Алар бөлүнбөйт, өзгөрүлбөйт жана белгилүү бир сапатка да ээ эмес. Алар бири-бири менен кагылышып, жармашканда ар түрдүү заттар пайда болот. Боштукта кыймылдоо менен атомдор дүйнөлөрдүн себеби болгон куюндарды пайда кылат. Бул куюнда атомдор окшоштуктары боюнча бөлүнүшөт. Атомдордун айрым топтору кыймылдын таасири менен ысып, кеңейип, мунун натыйжасында асман телолору жаралат. Бардык жаратылыш процесстери зарылдыкка баш иет жана мыйзамченемдүү.

Левкипптин көз караштары негизинен Демокриттин көз караштары менен дал келет. Ошондуктан аларды көп учурда чогуу алып карашат жана «Левкипп менен Демокрит мындай деп эсептешет» деп айтышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine