Лейпциг салгылашы

Википедия дан

Лейпциг салгылашы (1813) – Орусия империясы, Австрия империясы, Пруссия жана Швециянын наполеондук Францияга каршы турган чечүүчү салгылашуу компаниясы. Бул салгылашууга союздаштардан (орустар, австриялыктар, пруссиялыктар жана шведдер) 300 миң адам, наполеон армиясынан (француз, поляк, италян, бельгия, голланд жана башка) 200 миң адам катышкан. 3 күндүк салгылашууда император Наполеондун аскери жеңилип, союздаштар 52000, француздар 80000 адамынан ажыраган. Наполеон Лейпцигди калтырып, Рейнди көздөй чегинүүгө аргасыз болгон. Лейпциг салгылашы Германия менен Голландияны Наполеон аскеринен бошотууга, 16 герман княздыгы, Рейн уюму, Вестфаль королдугу, Берг жана Франкфурт герцогдуктарынын жоюлушуна алып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7