Либерализм
Либерализм (лат. liberalis - эркиндик, эркиндикке караштуу) – саясий маданияттын башаты, коомдук турмуштун, индивиддин саясий-экономикалык, системалык нравалык багыты. Тар маанисинде либерализм – мамлекеттин аз кийлигишүүсү астында эркин конкуренция, рыноктук механизмдерди сактап калууга умтулган либералдык партиянын саясаты. Либерализм идеялык негизин түзгөндөр:
- 1) адамдардын тендиги;
- 2) индивидуалдуу эрк;
- 3) рационалдуулук;
- 4) тартып алууга мүмкүн болбогон укуктар: жашоо үчүн укукту, менчик, эркиндик укуктарын камсыз кылуу.
- 5) жалпы консенсустун негизинде мамлекетке биригүү;
- 6) мамлекет менен инсандан мамилесинин келишимдик мүнөзү; 7
- ) мыйзам – социалдык көзөмөлдөн куралы;
- 8) мамлекеттин ишмердүүлүгүн чектөө;
- 9) адамдын жеке турмушуна мамлекеттин кийлигишпөөсүн камсыздоо;
- 10) дин эркиндиги ж. б.
Ушул шарттардын комплекси конституционализмди түзөт. Конституционализм системасы:
- 1) Мыйзам чыгаруучулардын ишмердүүлүгүн чектейт;
- 2) Мыйзамдын белгилүү чектерин белгилейт;
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин либерализм көп касиеттерин жоготкон. 70–80-ж. консенсустун бузулушу, глобалдык проблемалардын күчөшү либерализмди өзгөрүүлөргө дуушар кылды. Либерализм айрым принциптерин өзгөртүп, ыңгайлашууга туура келип жатат – жаңы неолиберализм либерализм агымдын пайда болушу байкалууда.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9 [[zh-yue:自由主義]