Лучано Паваротти

Википедия дан
Luciano Pavarotti (2002)

Лучано Паваротти (англ. Luciano Pavarotti, италиялык тилинде айтылышы: [luˈtʃaːno pavaˈrɔtti]; 1935-жылы 12-октябрь – 2007-жылы 6-сентябрь) - италиялык опера ырчысы, ал поп-музыка жанрына да өтүп, акырында финансылык жактан эң ийгиликтүү опера ырчысы болгон. Ал көптөгөн толук операларды жана айрым арияларды жаздырып дүйнө жүзү боянча өзүнүн үнүнүн сапаты менен таанымал болуп акырында 20-кылымдын эң мыкты опера ырчысы болуп тарыхта калган.

Three Tenors трионун мүчөсү болгон Паваротти телевизиондук концерттери жана ММКда аты учураганы менен көпчүлүккө таанымал болгон. 1961-жылы Италияда опера ырчысы катары чыгармачылыгын баштаган Паваротти 2006-жылы Туринде өткөн кышкы Олимпиадалык оюндарында "Nessun dorma" (кырг. "Эч ким уктабасын") ариясын акыркы жолу аткарганына чейин анын эң мыкты опера аткарууларына Вердинин "Аида" (англ. Aida) операсы жана Пуччининин La bohème (кырг. Богема), Tosca (кырг. Тоска) жана Madama Butterfly (кырг. Мадам Баттерфляй) сыяктуу чыгармалары кирет. Павароттинин качкындарга жана Кызыл крест уюмуна жардам берүү сыяктуу соопчулук иштери да белгиленип кетет. Ал 2007-жылдын 6-сентябрында панкреаттык рак оорусунан улам каза тапкан.

Паваротти качкындарга жана Кызыл крестке акча каражаттарды чогултканы менен филантроп катары таанылып бир канча сыйлыктарга ээ болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Паваротти Лучано (12. 10. 1935, Модена – 6. 9. 2007, ошол эле жер) – италиялык опера ырчысы (лирикалык тенор). Л. Павароттиге Б. Жильи, Ж. Мартинелли, Т. Скипа жана Э. Карузонун чыгармачылыгы түрткү болгон. 9 жашынан атасы менен бирге жергиликтүү чакан чиркөө хорунда ырдаган. 1954-ж. Моденада тенор Арриго Поладан окуган. 1961-ж. вокалисттердин эл аралык конкурсунда жеңүүчү болгон. Р. Эмилия театрында Ж. Пуччининин «Богема» операсында, 1963-ж. Вена операсында жана Лондон «Ковент-Гарден» опера театрында Рудольфтун партиясын ырдаган. Кийин «Ковент-Гарденде» Эльвинонун (В. Беллини, «Сомнамбула»), Альфреддин, герцог Мантуанскийдин (Ж. Верди, «Травиата», «Риголетто») партияларын аткарган. 1966-ж. Г. Доницеттинин «Полктун кызы» операсындагы Тонионун партиясы менен таанылган. 1971-жылдан «Арена ди Верона» фестивалына үзгүлтүксүз катышкан. «Ла Скалао театры менен Москвада гастролдо (1974) болгон. 1980-жылдардын башында Паваротти жаш аткаруучулардын эл аралык конкурсун уюштурган. 1988-ж. Берлиндеги «Дойче опера» театрында Г. Доницеттинин «Сүйүү суусундугу» операсында аткарган партиясы үчүн угуучулардын өтүнүчү боюнча сахнага 165 жолу чыгып, Гиннесс китебине катталган. 1990-ж. Ж. Пуччининин «Турандот» операсындагы «Nessun dorma» ариясы ага дүйнөлүк атак алып келген. «Метрополитен-опера» театрында өткөн жеке концертинде миңдеген күйөрмандарынын суроосу менен сахнага 150дөн ашык жолу чыккан. «Грэмми» сыйлыгынын лауреаты (1998). «Италия республикасынын алдында синирген эмгектери үчүн» орденинин үч даражасы менен, Ардактуу легион ордени (Франция) менен сыйланган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]