Мажирөө же мажес реализм

Википедия дан

Мажирөө же мажес реализм - күндөлүк тажрыйбада сырткы дүйнөнүн турмуштук тажрыйбадан алынган бүткүл мүнөздөлүшүн, толук бойдон объективдүү реалдуулукка адекваттуу деп билген, стихиялуу түрдө түптөлүп жана бекемделген дүйнө түшүнүк. Мажирөө же реализм сырткы дүйнө адамдардын аң-сезиминен көз карандысыз, бар болот деген түшүнүкдөн чыгып, аңдабастан эле материалисттик көз карашты тутушат. Бирок мажирөө же мажес реализмди ырааттуу теориялык аңдап түшүнгөн илимий дүйнө тааныш боло албайт. Мажирөө же реализмиден келип чыккан материалисттик философиялык материализмге таануу теориясынын негизине өбөлгө болот. Ошентсе да мажирөө же реализм таануу табиятын түшүндүрүүдө предмет менен билимдин, иллюзия менен реалдуулуктун, билимдеги түздөн-түз алынган аркылуу маалыматтын өз-ара байланышын түшүндүрө албай туюкка кептелет.

Мажирөө же реалистик позициянын жакындыгынан эмпириокритицизм, неореализм, лингвистик философия, феноменологиянын түркүмдөрү тарабынан айтылган идеалисттик жалган чечмелөөдөн объективдүү реализм келип чыгат (Беркли, Мах жана башка). Махисттер, мисалы, мажирөө же реализм бул адам өзүнүн сезип билгендери менен гана иши болот жана материалдуу дүйнөнүн болушу эч кандай мааниге ээ эмес деген көз караштагылар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8