Мазмунга өтүү

Маныл

Википедия дан
Маныл.

Маныл / Мадыл (лат. Otocolobus manul, syn. Felis manul, Pallas 1776) — мышыктар уруусундагы сүт эмүүчү.

Жалпы жана өлкөдө таралышы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кемин капчыгайын курчаган бийик тоолуу зоналарда, Ысыккөл ойдуңунда, Ички Тянңшанда, андагы Сарыжаз, Эңгилчек, Адыртер, Көйкап, Койлуу, Акшыйрак, Ыштаккарасай, Тарагай, Кызылбел, Жетим, Үзөңгүкууш, Нарынтоо, Атбашы, Какшаал тоолорунда. Ошондой эле түштүк Кыргызстандын тоо системаларында: бийик тоолуу Алайда, Түркстан тоо кыркаларынын түндүк беттеринде, Каракулжа, Тар дарыяларынын башталышында, бирок маалыматтар анык эмес. Бардык жерде бирин-серин болуп таралган.

Жашаган аймактары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маныл адатта жапыс тоолордун арасындагы талаалуу жерлерде жашайт, бирок Тянь-Шандын шарттарында ал бийик тоолордун арасындагы талаалар менен ачык сырттарды ээлешет. Токойсуз тоолордун зоолуу бетинде, шагылдуу тоо беттеринде, суунун бойлорунда, суулар таралган, кар аз түшкөн бадалсыз жерлерге умтулушат. Зоолордун кычыктарында, кээде суурлардын ийиндеринде жашашат. Адам бийик тоолорду өздөштүрүшү менен бирге маныл сырт зонасынан сүрүлүп чыгат, себеби тоют базасы азайат жана тынчын алуучу факторлор таасирин тийгизет.

Бул түнкүсүн жүрүүчү сейрек жырткыч, жашыруун жүргөндүктөн анын саны жөнүндө маалыматтар чектелген жана так эмес. Суурга аңчылык кылууда кошо кармалат, бирок аз санда. 1977-1979-жылдары Ички Тянңшандын бийик тоолуу райондорунда атайын жүргүзүлгөн санынын эсеби алардын айрым жайыттарда бир топ санда болгонун көрсөткөн. Мисалы, Сарычат боюнча 14 миң гектар аянтта 10-12 маныл сакталганы белгилүү. Бирок, 1998-жылы май-июнда ушул эле жерде эсеп жүргүзүлгөндө бир дагы маныл жолуккан эмес (Еремченконун оозеки билдирүүсү). А.Верещагиндин оозеки билдирүүсү боюнча маныл Сарычатэрташ коругунун аз кардуу сырткы зонасында анча көп эмес санда кездешкен.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Республика боюнча маалыматтар дээрлик аз. Адабияттарда берилген маалыматтар боюнча отуруктуу тиричилиги менен белгилүү, бирок калың кардуу кыштарда кар азыраак түшкөн райондорго оошот. Ийиндерин аска-зоолордун жаракаларына жасашат, суурдун калган ийиндерин пайдаланышы мүмкүн. Февралң-мартта кууту башталып, апрелң-майда 3-4, чанда 2ден 10го чейин тууйт. Негизги азыгы – чыйпылдак, момолой чычкандар ж.б. чычкан сымалдуу кемирүүчүлөр, канаттуулар. Анын атаандаштары – түлкү, кадимки суусар, душмандары – карышкырлар, түлкүлөр, иттер, ири жырткыч куштар. Коркунуч туулганда качып кутулушат.

Чектөөчү факторлор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Браконңерлик, койчулардын иттеринен өлүшү, калың кардуу кыш.

Көбөйтүү (колдо багуу)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдо оңой эле көбөйөт. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын башталышында дүйнөлүк зоопарктарда 54 маныл багылган.

Уюштурулган коргоо аракеттери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын Кызыл китептерине киргизилген. Кыргызстанда 1972-жылдан тартып манылга аңчылык кылууга тыюу салынган. 1975-жылдан тартып өзгөчө коргоого алынган түрлөрдүн тизмесине кирген, ал эми 1985-жылы – Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Нарын жана Сарычатэрташ коруктарынын территорияларында коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сырт зоналарында суурларга аңчылык кылууга тыюу салынган атайын заказниктерди уюштуруу.

VI категория, Near Threatened, NT. Ареалы боюнча сейректерге кирет. Кыргызстандын фаунасында майда мышыктарынын 3 түрүнүн бири.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]