Мишель Обама

Википедия дан
Мишель Обама (2013).

Мишель Лавон Робинсон Обама (1964-жылдын 17-январында туулган) -америкалык адвокат жана жазуучу, ал 2009-2017 жылдары Кошмо Штаттарддын биринчи айымы болгон. Ал Кошмо Штаттардын 44-президенти Барак Обамага турмушка чыккан жана биринчи африкалык-америкалык айым. Чикагонун түштүк жагында, Иллинойс штатында чоңойгон Обама Принстон университетин жана Гарварддын юридикалык мектебин аяктаган жана алгачкы юридикалык карьерасын Сидли Остиндин юридикалык фирмасында баштап, ал жерден болочоктогу күйөөсүн жолуктурган. Кийинчирээк ал Чикаго университетинде студенттик кызматтар боюнча декандын жардамчысы жана Чикаго университетинин Медициналык борборунун сырткы байланыштар жана жамааттар иштери боюнча вице-президент болуп иштейт. Барак менен Мишель 1992-жылы үйлөнүшкөн жана эки кыздуу болушкан.

Обама күйөөсүнүн президенттик талапкерлиги үчүн 2007-2008 жылдары чыгып үгүттөп турган, 2008-жылы Демократиялык улуттук сьездде негизги доклад менен сүйлөгөн. Ал 2012-жылы Демократиялык улуттук конвенцияда кайрадан сүйлөгөн жана 2016-жылы Филадельфиядагы Демократиялык улуттук чогулушта президенттикке талапкер демократиялык кандидат, биринчи айым болгон Хиллари Клинтонду колдоп сөз айткан.

Биринчи айым кезинде Обама модалык сымбаты, аялдар үчүн үлгү сабак жана жакырлардын, ач элдердин адвокаты, денелик активдүүлүк жана сергек, туура тамактануунун коргоочусу болуп калган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]