Модель

Википедия дан
үч өлчөмдүү компьютердук модель

Модель (фр. modele , лат. modulus – чен, үлгү, норма, өрнөк). Логикада, илимдердин методологиясында оригиналдын модели – табигый же социалдуу реалдуулуктун белгилүү бир фрагменти, адамзат маданиятынын жемиши, концептуалдуу-теориялык түзүлүш жана башка арадагы тааным каражаты. Модель менен объектинин ортосунда белгилүү бир окшоштук, аналогия орун алуусу зарыл. Мындай аналог өзгөчөлүкгү жөнүндө билимдерди сактоого жана кеңейтүүгө, өзгөчөлүктү башкадан конструкциялоого, өзгөртүп түзүүгө жана башкарууга кызмат кылат.

Модель - таанып билүү менен тажрыйбада белгилүү бир билимдин мейкиндиги, фактылардын жана катыштардын ушул же башка бир билимдер мейкиндигиндеги жөнөкөйрөөк, көрсөтмөлүүрөөк структура түрүндө чагылдырган, ага кошумча оригиналы тууралуу жаңы маалыматтардын камтыган орун басчулары. Таанып билүүчү объектисин кайсы бир жагынан алмаштырган, ал жөнүндө мурдатан белгилүү жана айрым тааныла элек маалыматтарды (жаңы билимди) берүүгө мүмкүн болгондой окшоштук катышта (же шайкештикте) болгон башка объект, табигый же жасалма система. Белгилүү бир шартта Моделде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жана иштеп чыгуунун натыйжасы оригиналга жайылтылат. Логикалык көз караштан алып караганда мындай жайылтуу изоморфизм жана гомоморфизм катыштарына негизделет.

Модель менен объектинин аналогиялуулугу физикалык белгилеринде, же аткарган функцияларында, же алардын «турум-турпатын» мүнөздөгөн математикалык туюндурмалардын теңдештигинде болот. Объект менен анын моделинин шайкештик даражасы окшоштуктар теориясынын критерийлери менен аныкталат. Объектинин моделдешкен жагы менен моделдин табиятына жараша «математикалык» жана «физикалык» («предметтик») моделдерге ажырайт. Моделденүүчү объектинин белгилүү касиеттери кандай формула менен жазылса, сөзсүз анын «математикалык» моделинде да ошол формула менен жазылат. Моделдер объектинин айрым касиеттерин же функцияларын (мындай учурда функционалдык моделдер аталат) чагылдырганына карата «толук» жана «бөлүгүнүн» модели боло алат.

Моделдердин түрлөргө ажырашы шарттуу гана. Электрондук-эсептөө техникаларын, компьютерлерди колдонуп, моделдөдөн алынган математикалык моделдер азыркы учурда кеңири пайдаланылат. Мындай моделдердин артыкчылыгы – универсалдуулугунда, ыңгайлуулугунда, ыкчамдыгында жана чыгымы аз, арзандыгында.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8