Пантусов, Николай Николаевич

Википедия дан
Николай Пантусов (1849-1909).

Пантусов Николай Николаевич (1849-1909) - орусиялык түрколог, археолог, чыгыш элдеринин тарыхый мурастарынын изилдөөчүсү.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Н.Н.Пантусов Николаев шаарында туулган.

1871-ж Петербург университетин бүтүргөн.

1872-жылдан 1908-жылга чейин Түркстан жана Жети-Суу генерал-губернаторлугунда ар кыл кызматтарда иштеген.

Ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1885-ж Чүй боорундагы нестариан көрүстөндөрүнөн сирия-түркий жазмалары бар таштарды тапкан жана Молдо Нияз Мухаммед Хокандинин "Тарих-и Шахрухи" эмгегинин фарсыча тексттин жарыялаган.

1886-жылдан Россиялык археология коомунун мүчөсү.

Алгачкылардан болуп Кокон хандарынын архивин изилдеген.

Жети-Суудагы тарыхый эстеликтердин фото сүрөттөрүн калтырган,ошондй эле чыгыш элдеринин бир катар тарыхый жазма даректерин элден чогулткан.

1905-ж Молдо Муса Сайраминин "Тарих-и аминийе" деген уйгурча эмгегинин тексттин жарыялаган.

Пантусов жыйнаган Анжиян көтөрүлушчулорунун 1898-жылдагы Жети-Сууга тараткан чакырык кагаздары да зор тарыхый мурастардын бири.

Эмгектеринин тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Н. Н. Пантусов. Древности Средней Азии. — Казань: типо-лит. ун-та, 1897—1902.
  • Пантусов Н. Н. Образцы таранчинской народной литературы. Тексты и переводы. Казань, 1909.
  • Пантусов Н. Н. Таранчинские песни. СПб. Типография Императорской академии наук. 1890 г. 154 с. + 6 л.
  • Н. Пантусов, Город Алмалык и Мазар Туглук Тимур хана. // «Кауфманский сборник, изданный в память 25 лет, истекших со дня смерти покорителя Туркестанского края, генерал-адъютанта К. П. фон-Кауфмана I-го.», Москва 1910, стр. 161—188.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]