Припять
Көрүнүш
Припять – Беларуссия менен Украинадагы дарыя, Днепрдин оң куймасы. Узундугу 761 км, алабынын аянты 114,3 миң км2. Полесье ойдуңу аркылуу агып, Киев суу сактагычына куят. Негизги куймалары: Стырь, Горынь, Уборть, Уж. (оң), Ясельда, Случь, Птичь (сол). орточо чыгымы 448 м3/сек. Декабрдын ортосунан марттын аягына чейин муз тоңот. Чатынан 591 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Балык кармалат. Днепр-Буг каналы аркылуу Висланын алабы, Огинский каналы аркылуу (азыр иштебейт) Немандын алабы менен туташат. Боюнда Пинск, Петриков, Мозырь, Наровля, Чернобыль шаары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9