Днепр

Википедия дан
Днепр
ОМСР 04010000112105000007040

Днепр (белар. Дняпро, Днепр[1][2], укр. Дніпро, орус. Днепр) — Орусия, Беларусия жана Украина аймактары аркылуу аккан суу. Узундугу (2200 км), боюнча Европадагы үчүнчү дарыя (Волга менен Дунайдан кийин). Алабынын аянты 504 миң км2. Валдай дөңсөөсүнөн башталып, Кара деңиздин Днепр лиманына куят. Жогорку бөлүгү кууш өрөөн, Орша шаары тушта кум жалчалары аркылуу агып, Кобеляк босогосун пайда кылат; төмөнкү агымында жайылмасы кеңийт. Башкы куймалары: Березина, Припять, Ингулец (оң), Сож, Десна, Псел, Ворскла (сол). Орточо чыгымы 1700 м3/сек. Төмөн жагы декабрдан мартка чейин, жогорку жагы апрелдин башына чейин тоңот. Буг менен Днепр-Буг каналы аркылуу байланышат. Суу менен камсыз кылууда жана сугатка (сугат каналдары: Днепр – Кривой Рог, Днепр – Донбасс, Түндүк Крым) пайдаланылат. Чатынан 1677 кмге чейин кеме жүрөт. Ортоңку жана төмөн кү агымында ГЭС каскаддары жана суу сактагычтар курулган. Боюнда Смоленск (Россия), Могилёв (Беларусь), Киев, Черкассы, Кременчуг, Каменское, Днепр, Запорожье, Никополь, Херсон (Украина) шаары жайгашкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

  1. Калып:Книга:ЭПБ
  2. Калып:Книга:БКБ