Редьярд Киплинг

Википедия дан
Редьярд Киплинг.

Киплинг, Жозеф Редьярд (30. 12. 1865, Бомбей — 18. 1. 1936, Лондон) — англиялык жазуучу, журналист. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1907). 1882—89-жылдары Индияда жашаган. Киплингдин атагын «Казарма ырлары» (1892), «Жети деңиз» (1896), «Беш улут» (1903) деген ыр жыйнактары чыгарган. Киплинг — «Жарык өчтү» (1890), «Ким» (1901) романдарынын, Мауглинин айбандар арасындагы турмушу жөнүндө аңгемелердин («Жаңгел китеби», 1894; «Жаңгелдин экинчи китеби», 1895) автору. Ал элдик балладаларга жакын ырларды жазган. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. Чыгармалары: Рассказы. Стихи. Сказки. М., 1989.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]